БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ

1) Сүйүүгө татыктуу Аллах Таала. Ата-эне перзентерини чектен ашырып сүйбөө керек экендиги, аалымдарыбыз тарабынан айтылат. Эгерде балаңызга сүйүүңүз өтө жогорку деңгээлде болуп жатса «Маа шаа Аллах» (Аллах каалагандай болду)-деп айтыңыз. Өзүңүздүн назарыңыз балаңызга тийип калбасын…            

2) Ар бир учурда дуа кабыл болуусун унутпаңыз. Перзентиңизди жаман сөздөр менен тилдебеңиз. (Дуа кабыл болгон учурга туура келип калып, өкүнүп жүрбөңүз) .            

3) Перзентиңизди мактап турууну унутпаңыз. Балаңызда өзүнө болгон ишним, жоопкерчилик пайда болот.                     

4) Үй-бүлөңүзгө, бир эле учурда сүрдүү да, сүйүктүү да болуңуз. Андыктан, эч качан жалган сүйлөбөңүз жана бирөөнүн буюмуна  көз артпаңыз, кадырыңыз бийик болот.                     

5) «Бала жыты бейиштин жыты». Балдарыңызды  эркелетиңиз жана өөп жытаңыз.  Ата кыз балдарыны саамайынан (көкүлүнөн) өпсүн, Аллах буйруп, ал кыз бактылуу болот.                 

7) Үй ээси эркек, аялына сый мамиледе болсун.  Балдар үчүн үйүңүз, бакыттын кенчине жана руханий азык алуучу бакчага айланат.         

 8) Адалдан таап кийим кече, тамак-аш бериңиз. Уул-кызыңыз абройлуу болот. 

9) Беш убакыт  намаздарыңызда үй-бүлөңүзгө, перзентериңизге дуба кылыңыз. «Даарат намаздын ачкычы, Намаз  бейиштин ачкычы.»             

10) Күнүнө бир аздан садака берип туруңуз, балдарыңызга көрсөтүп…  Перзентериңизде жоомарттык, кең пейилдик сыпат пайда болот. «Садака балээни кайтарат».

Көңүл буруп окуганыздар үчүн, Аллахым ыраазы болсун, Орозоңуздар кабыл болсун!      

«Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибеков.