Жайыл районундагы 30 үй-бүлөгө «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду азык-түлүк таратты


Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара алкагында 30 үй-бүлөгө күнүмдүк азык-түлүк менен жардам көрсөтүлдү. Бул тууралу Жайыл районунун баш имам хатибиятынан билдирди.

«Рамазан айы жоомарттык, берешендик жана мээримдүүлүктүн айы. Ошол себептен, азыр көптөгөн жарандарыбыз жана фонддор ушундай кайрымдуу иштерди өтө көп кылып жатышат. Ошолордун катарында «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду да бар. Өзгөчө абал режиминде бир канча убакыттан бери иштебей, муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөткөндүгү үчүн «Ас-Сафа» фондуна ырахматыбызды айтмакчыбыз»,-деди Жайыл районунун баш имамы Нурдан ажы Өмүралиев.

Ошондой эле азык-түлүктөрдү Бишкек шаарынан алып келип таратууда унаа жагынан жардам көрсөткөн Жайыл РИИБсинин начальниги Тилек Өмүралиевге терең ыраазычылыктарын билдиришти.