Нарын казыяты тарабынан ыйык рамазан айында 120 үй-бүлөгө ооз ачар баштыктары таратылып берилди

Нарын облустук мусулмандар казыятынын тарабынан ыйык рамазан айынын урматына Нарын шаарындагы 120 үй-бүлөгө ооз ачар баштыктары таратылып берилди.

Нарын казыяты тарабынан буга чейинки Рамазан айларында ооз ачтырууларды жыл сайын уюштуруп келген. Тилекке каршы үстүбүздөгү жыл дүйнө жүзүндө жана өлкөбүздө кулачын жайган таажы ылаңына байланыштуу казыят кызматкерлери тарабынан демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ооз ачарга ылайыктуу таттууларга толгон ооз ачар баштыры даярдалып, алар ар бир үйгө жеринде казыят кызматкерлери тарабынан жеткирилип берилүүдө.

Ыйык Рамазан айында ооз ачар баштыгына көмөктөшөм деген кайдыгер эмес, берешен жарандарыбызды көмөктөшүүгө чакырабыз.

Байланыш телефон номери: 0772 19 39 65

ЭлСом капчыгы: 0772 19 39 65
Оптима банкы: №4169585342521928
МBANK: 0772 19 39 65