Жалал-Абад облусунда 96 үй-бүлөгө 142 000 сомдук ооз ачыруу баштыктары таратылды

Бүгүн, 8-май күнү Жалал-Абад облустук казыяты “Исар”  кайрымдуулук фонду менен биргеликте Жалал-Абад шаары, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун  аймагында жашаган 96 жетим балага ооз ачаар баштыкчаларын таратты.

Бир баштыктын ар бири 1470 сомду түзүп, анда күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктү камтыды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков билдирди:

Биз Жалал-Абад облустук комендатурасы менен кеңешип, биргеликте иш алып барып жатабыз. Өзгөчө абал режимдерин сактоо жана таажы ылаң оорусунун жайылуусунун алдын алуу максатында ооз ачыруу аземдерин баштык аркылуу таратууну туура көрүп, “Исар” кайрымдуулук фонду менен бул иш-чараны өткөрүүдөбүз. Бүгүнкү күнгө чейин облус боюнча миңге чукул баштык таратылды«,-деди Ордобек ажы Оморбеков.

Ошондой эле Ордобек ажы Рамазан айында эле эмес башка учурларда да жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүлүп тураарын белгилеп, Ыйык Рамазан айында жана өзгөчө абалга байланыштуу элге жардам берүүгө жарандарды кайрымдуу болууга чакырды.