Чаткал районунун баш имам хатиби баштык таркатууда үлгү болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун райондун  баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов үлгү болуу максатында өз каражатынын эсебинен 800 сомдук бир даана Рамазан баштыкчасын даярдап, аз камсыз болгон бир үй-бүлөгө жеткирип берген эле.

Бул саамалыкты Кызыл-Токой айылынын имамы Раталы Бүркүтбаев улантып айыл тургундарынын жигердүү жигиттери  тарабынан колдоо таап бүгүнкү күндө 52 баштыкча даярдашкан. Баштыкчаларда күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азыктар салынып, айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана орозо кармаган аксакалдарга берилүүдө.

“Жакшылык иш уланып кетишин тилеп, кайрымдуулук жасагысы келген бир туугандарга үлгү катары ушул рамазан баштыкчасын баштадык эле, Аллага шүгүр бул ишибиз уланып жатат. Рамазан айы бүткөнчө дагы баштыктын саны бир топко өсөт деген үмүттөбүз”-дейт баш имам хатиб.