ДЕН СООЛУК – АМАНАТ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын.

Ден соолук – Алла Таала тарабынан берилген аманат. Адам баласы өзүнө ыроолонгон ден-соолук ниматына кам көрүүгө милдеттүү. Жалпы үммөткө үлгү болгон Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ден соолукка кам көрүү жагынан да бизге жаркын өрнөк боло алат. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) медицинасына көз жүгүртсөк, анын дайыма сергек жашоого үндөгөнүн, тазалыкка чакырганын байкайбыз.

Адамга түрдүү жакшылык нематтар берилгендей эле, кайгы-капа, кыйынчылык, оору-сыркоо да берилет[1]. Оору-сыркоонун көбөйүшүнө ар кандай факторлор себеп болушу мүмкүн. Илдет көп учурда тазалык сакталбаганда, күнөө көбөйгөндө, тамак-аштын адал-арамдыгына маани берилбегенде баш көтөрсө, айрым учурда кудай таала тарабынан сыноо иретинде жөнөтүлүшү мүмкүн.

 Сыноо иретинде келген оору дегенде эсибизге эң биринчи эле Азирети Айюб (Алланын саламы болсун) түшөт. Азирети Айюб илдет менен сыналып, сабырдуулук жана дуба менен жеңген.  Чыныгы момундар жакшылык келсе шүгүр, жамандык келсе сабыр кылат.[2] Бирок айрым адамдар кандайдыр бир оору менен сыркоолоп калса сабыры түгөнүп, үмүтсүздүккө алдырып жиберет. Кээ бирлери, «Оо Жараткан, кайсы күнөөм үчүн ушул балээңди жибердиң?!», «Сага анчалык эмне жамандык кылдым эле?!», «Алчу болсоң кыйнабай тезирээк албайсыңбы?!» – деп  кудайга каршы чыгууга чейин барышат…

Куттуу Куран-и Каримде ар кандай балээ-кырсык (мусибат) Алла тарабынан жөнөтүлөрү[3] айтылган. Бул пенденин жүрүм-турумуна да байланыштуу болушу мүмкүн.[4] «Оору Алладан гана болот, бешенеде жазылган болсо сөзсүз жабышат, андан качуу – тагдырдан качуу», – деп ойлогондор да жок эмес. Бул албетте жаңылыш түшүнүк. Эгерде кимдир-бирөө, «кудай кааласа тикен кирет, каалабаса жок» – деп жылаңайлак тикен тебелесе, ага сөзсүз кирет. Эпителий тканынан турган териге тикендин кириши толук мүмкүн. Же болбосо, «тагдырыма жазылган болсо автокырсыктан жаракат алам, болбосо жок», – деп жол эрежесин сактабаса, ал адамдын кырсыкка дуушар болуу ыктымалдуулугу өтө жогору болот. Ар бир нерсени жазмышка байлап, ашкере тагдырчылыкка жол бербөө керек. Ден соолук жана өмүр кудай таала тарабынан берилген аманат. Аманатка кыянат кылуу күнөө болуп саналат.

Алла Таала Куран-и Каримде мындай дейт:

وَاَنْفِقُوا في سَبيلِ اللّٰهِ وَلَا تُلْقُوا بِاَيْديكُمْ اِلَى التَّهْلُكَةِ وَاَحْسِنُوا اِنَّ اللّٰهَ يُحِبُّ الْمُحْسِنينَ 

«Алла жолунда (мал-мүлкүңөрдү) сарптагыла. Өзүңөрдү өз колуңар менен өлүмгө таштабагыла. Чындыгында Алла жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт».[5]

Демек момун мусулман ар кандай балээ кырсыктын алдын алат, гигиеналык эрежелерди сактайт. Кокус сыркоолоп калса, пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) «Шаафи Карим Алла кандай сыркоо жөнөткөн болсо, анын дабаасын да жөнөткөн»[6] дегенине амал кылып, айыгуу үчүн бүт аракетин жумшайт. Эч качан үмүтсүздүккө түшпөйт. «Оорум башкаларына жугуп калбасын» деп сактанат. «Өзүн өз колу менен өлүмгө таштоо» – Алланын Китебине каршы келген жосун экенин түшүнөт. Кыскасы момун киши мусулмандыкка жарашкан эң сонун жолду тандайт.

Адамзат тарыхында ар кандай жугуштуу оорулар чыккан. Жугуштуу оору менен күрөшүү жана анын алдын алуунун эң эффективдүү жолу карантин эмеспи. Ислам тарыхында карантин 7-кылымдан тарта пайдаланыла баштаганы белгилүү. Буга төмөнкү окуя далил болуп бере алат: 

«Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) хижраттын 17-жылы Рабиул-ахир айында элдин абалын билүү үчүн Дамаск аймагына (учурдагы Палестина, Иордания жана Сирия камтыган кең аймакка) карай жолго чыкты. Жанында бир топ сахаба да бар эле. Иорданияга караштуу Ярмукка жакын жерде жайгашкан Сарг айылына жеткенде аскер башчы Абу Убайда бин Жаррах жолдоштору менен утурлап чыкты. Алар ошол аймакта чума эпидемиясынын жайылганын халифага билдиришти. Абалдын оор экенин уккан Умар (Алла андан ыраазы болсун) бул маселени сахабалар менен кеңешүүнү туура көрдү. Алгач мухажирлер менен пикир алышты. Жыйынтыгында ал аймакка баруу-барбоо боюнча мухажирлер арасында талаш чыкты. Айрымдары, «Иш менен атайы жолго чыктың, андан кайтып кетишиңди туура көрбөйбүз», – десе, кээ бирлери «Мында Алланын Элчисинин достору жана бир топ адам бар, ушунча адамды чума каптаган кооптуу аймакка жөнөтө албайбыз», – дешти. Халифа андан соң ансарлар менен кеңешти. Алар да Дамаск аймагына кирүү же кирбөө маселесинде мухажирлер сыяктуу бир пикирге келе алышкан жок. Азирети Умар бу жолу Меккенин каратылышынан кийин Мадинага хижрат кылган курейштик аксакалдар менен акылдашууну эп көрдү. Булардын баары бир ооздон Азирети Умарга, «Адамдарды артка кайтарууңду жана элди чума коркунучу менен бетме-бет таштабооңду туура көрөбүз», – деп жооп беришти. Андан кийин Азирети Умар жалпыга, «Мен эртең эрте менен улоомо минип артка кайтам, силер да ошого жараша иш кылгыла», –  деп жарыя айттырды.

       Жарлыкты  уккан Абу Убайда бин Жаррах Умарга (Алла андан ыраазы болсун), «Алланын тагдырынан качып жатасыңбы?», – деп собол узатты. Азирети Умар, «Ушул сөздү сенден башкасы айтса бир жөн эле. Биз Алланын тагдырынан кайра эле Анын тагдырына качып жатабыз. Эмесе айтчы?! Сенин төөлөрүң бар дейли, эки жайыты бар өрөөнгө откозуу үчүн айдап бардың. Жайыктын бир жагы жашыл тулаңдуу оттуу жер, экинчи жагы какыраган талаа. Сен төөлөрүңдү оттуу жайытка жайсаң да, какыраган талаага кайтарсаң да Алланын тагдыры менен кайтарган болбойсуңбу?».

Улуу аскер башчы бул салыштырууга ынанды. Дал ушул учурда Абдуррахман бин Ауф (Алла андан ыраазы болсун) чыгып, «Ушул маселеге байланыштуу Алланын Элчисинин мындай дегенин уккам. Бу оорунун (чуманын) кайсы бир жерде чыкканын уксаңар ал жакка барбагыла. Оору силер турган жерден чыккан болсо, ошол жерден эч кайда чыкпагыла!» деген». Хадисти уккан Умар (Алла андан ыраазы болсун) Аллага мактоо айтып, Дамаск аймагына кирбестен артка кайтып кетти».[7]       

Мына ушул тарыхый окуя ден-соолукка кам көрүү, жугуштуу оорунун алдын алуу канчалык маанилүү экенин айгинелейт. Бүгүн карантин деп айтылган жугуштуу илдеттин жайылуусунун алдын алуу чарасын пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындан 14 кылым илгери айтканын баамдоого болот. Ал эми анын экинчи халифасы Умар (Алла андан ыраазы болсун) ар кандай коомдук иштерден да калктын саламаттыгы жогору турарын, жугуштуу оорунун алдын алуу чарасы тагдыр ишенимине карама-каршы келбешин даанышмандык менен көрсөткөн.

Үстүбүздөгү жылы дүйнөгө жайылган COVİD-19 пандемиясы тилекке каршы дале чегине элек. Ушу кезге чейин миңден ашуун мекендешибиздин өлүмүнө себеп болгон коронавирус илдетине кайдыгер мамиле кылууга болбойт. Азыр да эрежелерди сактоо менен вирустан коргонуу чараларын күчөтүү күн тартибинде турат. Бүгүнкү күндө илдеттин алдын алуу чараларын сунуштаган адистер дене табы көтөрүлгөн же ар кандай ооруга чалдыккандар үйдөн чыкпасын деп кеңеш берүүдө. Адистерди угуп, айтылган эрежелерди сактоо шариятбызга шайкеш маселе. Мисалы, адистер чүчкүргөндө ооз-мурунду тосууну айтышууда. Азирети Мухаммед да (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) чүчкүргөндө оозун колу менен жаап же кийими  менен тосчу.[8] Бул бир жагынан адептүүлүк болсо, экинчи жагынан гигиенаны сактоо эле. Демек коомдук жайларда чүчкүргөндө кол менен (тагыраагы чыканактын ички тарабы менен) же жүз аарчы (колдон келсе бир жолу колдонулуучу кагаз майлык/салфетка) менен тосуу зарыл. Себеби COVID-19 жөтөл жана чүчкүрүк аркылуу сыртка чыгып, абада көпкө чейин кармалары белгилүү. Ошол себептүү маска тагуу талапка ылайык.

Дагы бир маанилүү эреже – аралыкты сактоо болуп саналат. Коомдук жайларда колдон келишинче 1 метр аралыкты сактоо зарыл. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), «Ала оорулуу адам менен сенин ортоңдо бир же эки найза бою аралыктан сүйлөш», – деп аралыкты сактоого буюрган.[9] Башка рабаяттарда ала оорулуу киши менен кол алышып учурашканы, бир дасторкондо тамактанганы айтылат.[10] Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бул аракетин бейтаптарды коомдон биротоло четтетип салбоого ишаарат кылуу аркылуу тең салмактуулукту сактаган деп түшүнүүгө болот.

Колду тез-тез жууп туруу да оорунун алдын алуу чараларынан болуп саналат. Динибизде тамактануудан мурда жана тамактангандан кийин кол чайкоо сүннөт.[11] Тазалык маселесин биринчи орунга койгон динибизде тазалыкка чакырган көптөгөн аят жана хадистер бар.  Мисалы, «Тазалык ыймандын жарымы»[12] деген хадис-и шариф тазалыктын канчалык маанилүү экенине далил.

بُنِيَ الدِّينُ عَلى النَظاَفَة

«Дин тазалыктын үстүнө курулган».[13]

Ал эми жогорку хадис тазалык боюнча айтылган өкүм жана насааттардын негизги жыйынтыгы десек болот. Тазалык дегенденде анын бардык түрү; руханий жана материалдык тазалык,[14] тулку бой тазалыгы,[15] үйдүн жана айлана-чөйрөнүн тазалыгы,[16] ал тургай жеп жаткан тамак-ашыбыздын тазалыгы жана адалдыгы да эске алынууда. Тазалык ар кандай оору-сыркоонун башкы душманы. Момун-мусулман оорунун алдын алуучу бардык чараларды көрүшү зарыл.

Эгерде, кудай сактасын, кимде-ким кандайдыр бир ооруга чалдыкса  биринчи кезекте сабыр кылуусу керек. Кийинки кезекте дарыланууга ашыгышы керек. Муну пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) төмөнкүдөй буюрган: «Алла дартты да, дабааны да берген сыяктуу эле ар бир оору үчүн шыпаа жараткан. Ушул себептүү дарыланууну таштабагыла. Бирок арам менен дарыланбагыла».[17]

Кимдир бирөөнүн абалы начарлай баштаса, ал дароо дарыгерлерге кайрылышы керек. Бейтаптар дарыланууга аракет кылуу менен бирге эле Алладан шыпаа тилеп, дуба кылууну да унутпашы зарыл. Себеби дуба момундун коргону. Ибн Умар (Алла андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мындай дегенин рабаят кылган:

ماَ سُئِلَ اللهُ شَيْئاً أحَبَّ إلَيْه مِنْ أنْ يُسْئَلَ الْعافِيَة

«Аллага бекем ден-соолук суроодон жагымдуу нерсе жок» [18]

Жогорку хадисте Алла Тааладан саламаттык үчүн дуба кылуунун зарылдыгы айтылган. «Дүйнө жана акырет үчүн жумшактык (лутф) жана ден-соолук сура» деген[19] пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзү да «Алла Таалам, денемди, көздөрүмдү жана кулактарымды корго» деп дуба кылган.[20] Чынында эң улук дуба, эң улук шыпаа Куран-и Карим өзү эмеспи. Бул тууралуу Фуссилат сүрөсүнүн 44-аятында айтылган.

قُلْ هُوَ لِلَّذ۪ينَ اٰمَنُوا هُدًى وَشِفَٓاءٌ

«…Бул Куран ыйман келтиргендер үчүн туура жол жана шыпаа», – дегин».

Жыйынтыктап айтканда, ар бир мусулман оору-сыркоонун алдын алууга маани бериши керек. «Биринчи байлык ден-соолук» деп ата-бабаларыбыз айткандай, саламаттык колдогу зор байлык. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), «Адамдар (пайдаланууда) кайдыгерлик кылган эки нимат бар; ден-соолук  жана бош убакыт»[21] деп ден-соолуктун чоң нимат экенине басым жасаган. Демек, ден-соолукка кам көрүү, ар кандай оорунун алдын алуу, сыркоолоп калганда дарылануу – мусулманга жарашкан өзгөчөлүк. «Башка келсе көз көрөт» деп жугуштуу оорулардан сактанбай коюу, кайдыгерлик кылуу, эрежелерди аткарбоо – жакшылык-ниматка кыянатчылык болуп саналат. Жараткан Алла Таала  «сактанганды сактайт».   «Пайгамбардын медицинасы» деп айтылган Азирети Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) дарылануу, оорунун алдын алуу чараларын камтыган медициналык аракеттери ден-соолукка кам көрүүгө үндөйт.

 Айрым кишилер тобокелге салып, «эмне болсо ошол болсун» деген позицияны карманат. Бул да туура эмес көз караш. Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун)бир киши келип, «Мен төөмдү бош кое берип тобокел кылайынбы же байлап тобокел кылайынбы?» деп сураганда пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), «Оболу казыкка бекем байла, андан соң гана Аллага аманат кыл» деп[22] тобокелдиктин өлчөмүн эң сонун көрсөтүп кеткен. Демек, ар кандай оору-сыркоонун алдын алууга багытталган чараларды, санитардык эрежелерди аткаргандан кийин гана тобокел кылуу туура болот.

Эң туурасын Алла билүүчү. Эч ким оорубасын. Кудай Таалам ар бирибизди аты жаман илдеттен сактасын.

Ош облусунун мусулмандар казысы

Самидин кары Атабаев


[1] Худ сүрөсү, 9-11

[2] Муслим, Зухд, 64

[3] Тагаабун cүрөсү, 11

[4] Шуара cүрөсү, 30

[5] Бакара сүрөсү, 195

[6] Бухари, Тыбб, 1; Ибну Маажа, Тыбб, 1 (3436)

[7] Hadislerle İslam// Түркия Диянет Иштери Башкармалыгы, Анкара 2011,  VII т., 441-442-беттер

[8] Тирмизи, Адаб, 6

[9] Абу Нуъайм аль-Исфахани, ат-Тыббун-Набави, 1 т., 355-б. Хадис № 292

[10] Тирмизи, Атъима, 19

[11] Тирмизи, Атъима 39; Ахмад б. Ханбал, I, 441

[12] Муслим, Тахара, 1

[13] Машарик, 2-т., 107

[14] Муддассир сүрөсү, 1-5

[15] Бухари, Истиъзан, 5; Муслим, Жума, 91; Насаи, Тахарат, 5

[16] Тирмизи, Адаб, 41

[17] Абу Дауд, Тыбб, 11

[18] Тирмизи, Даават, 84

[19] Ибну Маажа, Дуба, 5

[20] Абу Дауд, Адаб, 101

[21] Бухари, Рикак, 1

[22] Тирмизи, Кыямат, 60