Таш-Көмүр шаарында жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында футболдук мелдеш өткөрүлдү

Кечээ, 20-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен аталган шаардын 1990- жылы туулган жигиттери арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү.

Мелдеш жаштардын ынтымагын жана биримдигин бекемдөө максатында калаанын борбордук стадионунда уюштурулган. Мындай спорттук иш-чара эстафета катары бир топ жылдан бери өткөрүлүп келет.

Жаштар менен жолугушууда шаардын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуров буларга токтолду.

“Буга чейин шаардын жаштары арасында аймак-аймакка бөлүнүп, араздашып, ич ара таарынычтар болуп келген. Эми алардын баары артта калды. Учурда жаштардын ынтымагы бекемделип, достук спорттук мелдештер байма-бай өткөрүлүп баштады»,-деди Мураталы ажы.