Манас районундагы бардык мечиттеринде санитардык талаптарды так сактоо тапшырмасы берилди

Бүгүн, 21-октябрда Талас облусуна караштуу Манас районунун хатибиятында имамдар ушул ай ичиндеги аткарган иштери тууралуу отчётторун тапшырышты.

Жыйында баш имам хатиб Миржалал ажы Дадабаев өлкө аймагында COVID-19 илдети күчөп жаткандыгына байланыштуу бардык мечиттерде санитардык-сактык чараларын күчөтүү, кыш мезгилине карата мечиттерди жылуулук менен камсыздоо тапшырмасын берди.  

 “Мечитке келген ар бир жаран аралыкты сактап, милдеттүү түрдө бет кап тагынуусу керек. Муну көзөмөлгө алууда дин кызматкерлери коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл”,-деди Миржалал ажы Дадабаев.