Азирети Муфтий дин аалымдары Абдишүкүр ажы Нарматовго, Садыбакас ажы Дооловго жана маркум Чубак ажы Жалиловго «Айкөл» орденин тапшырды

Бүгүн, 21-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев  дин аалымдарына «Айкөл» орденин тапшыруу боюнча буйрукка кол койду. Ага ылайык Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдишүкүр ажы Нарматов, Садыбакас ажы Доолов жана маркум дин аалымы, мурдагы Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов «Айкөл» ордени менен сыйланышты.

«Бул сыйлыктар 2020-жылдын март айында Бишкек шаарында өтүүчү «Абу Ханифа мазхабынын Орто Азиядагы орду» аталышындагы Эл аралык конференцияда тапшырылмак. Тилекке каршы Эл аралык конференциябыз пандемияга байланыштуу токтоп, белгисиз мөөнөткө жылган эле. Бул аралыктарда көптөгөн асыл инсандарыбыздан, аалымдарыбыздан  айрылдык. Сыйлыктарды тапшыруу пандемияга байланыштуу бүгүнкү күнгө туш келди»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий маркум Чубак ажы Жалиловдун кыргыз элинин жан дүйнөсүн шарият көрсөткөн тартипте байытып, коомубуз үчүн жасаган эбегейсиз эмгеги үчүн элибиздин эсинде түбөлүк сакталып кала тургандыгын баса белгилеп, «Айкөл» орденин уулу Абдуллого тапшырды.

«Аалымдарыбыздын эмгектери ар дайым бааланышы керек. Ошондуктан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы аалымдарды кадырлоо максатында атайын орден жана медалдарды иштеп чыгып, 2018-жылдын  13-сентябрында Бишкекте өткөн “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары” аттуу III Эл аралык илимий-диний конференцияда Кимсанбай ажы, Дүйшөнбек ажы жана Мамасабыр ажы баштаган аалымдарыбызга алгачкылардан болуп тапшырылган»,-деди Азирети Муфтий.

 «Айкөл» ордени Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эң жогорку даражадагы ордени.  «Айкөл» ордени элдин руханий жан дүйнөсүн байытууга, мамлекеттин ынтымагын, тынчтыгын, биримдигин, бүтүндүгүн сактоого жана Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтып, элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн тапшырылат.