Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Түркиянын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган Эл аралык онлайн жыйынга катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган Эл аралык онлайн конференцияга катышты.  Конференцияга Түркиянын мамлекет башчысы Реджеп Тайип Эрдоган, бир катар өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлери, дин аалымдары катышты. Иш-чара пандемия күч алгандыгына байланыштуу онлайн форматта уюштурулду.

Анда ааламдашуу доорунда Ислам  дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда өз ара кызматташуусу, экстремизм, терроризм менен күрөшүүдө өз ара тыгыз кызматташтык талкууланып, түрдүү пикирлер айтылды.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Али Эрбашга  мындай ири масштабдуу иш-чараны уюштурганы учун ыраазычылыгын билдирип, дүйнөдө болуп жаткан терс көрүнүштөрдү биримдүүлүк, ынтымак менен гана чечилиши керектигин баса белгилеп, бул жаатта тыгыз кызматташууга чакырды.

«Мусулмандардын башын бириктирген мындай иш-чаранын өтүүсү  абдан маанилүү. Анткени азыр мусулмандарды каралап, терс маалымат тараткандар күч алды. Динди каардуу көрсөтүп, дүйнөгө маалымат бергендер бар. Ислам дини кечиримдүүлүктүн, тынчтыктын, достуктун дини.  Анткени сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) мээримдүү, жакшы кулк мүнөздүү пайгамбар. «Бул дүйнөгө жиберилгенмин, кереметтүү кулк мүнөздөрдү толукташ үчүн»,-деп айткан пайгамбарыбыз (с.а.в). Ыйык Куранда «тынчтык» деген сөз 144 жерде келет экен. «Согуш» деген сөз 6 жерде айтылат экен. Салыштырып көрүңүз. Ислам дини сүйүүнүн, кечиримдүүлүктүн, толеранттуулуктун дини. Ошондуктан ар бир динди тутунган кишинин ыйык сезимдерин кордук көрсөткөн нерсеге жумшоого таптакыр адамгерчиликке дагы, диндеги мыйзамга дагы, ааламдашуу дооруна дагы туура келбейт. Ошон үчүн динибиз улуу касиеттерди, баалуулуктарды өзүнө камтыйт. Андыктан ар бирибиз өзүбүздү оңдоп, Жараткан Алла Таалам менен байланыш түзүп, күнөөлөрдөн сактанып, өзүбүз такыба болгонго аракет кылышыбыз керек. Курани каримди бекем кармап, ынтымак жана биримдикте болушубуз керек»,-деди Азирети Муфтий өзүнүн баяндамасында.