Чүй облусунда диний кырдаал талкууга алынды


Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылынын «Мустафа» мечитинде дин кызматкерлерине кезектеги жыйынын өткөрдү.

Ага КРнын ИИМнин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын Чүй облусу боюнча жетекчиси, милициянын подполковниги Улан Жаныбек уулу, КРнын ДИМКнын каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Байгазиев жана имамдар катышты.

Иш-чарада улут аралык ынтымакты, биримдикти бекемдөө, облустагы экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жана мечиттерде санитардык-сактык эрежелерин көзөмөлдөө маселелери талкууланды.

Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов өз сөзүндө мамлекеттик кызматкерлерге облустагы диний кырдаал боюнча маалымат берип, баш имам хатибдерге төмөнкү тапшырмаларды берди:

1) Ар бир имам кыш мезгилине кам көрүү, мечитти жылуулук менен камсыздоо, санитардык талаптарды так аткаруу
2) Райондогу аялдардын окуу борборлорун жандандыруу
3) Мечиттердин документтерин санириптештирүү жана бирдиктүү база түзүү
4) Мамлекеттин ынтымагы үчүн Куран хатымдарды үзбөө
5) КМДБ тарабынан уюштурулуп жаткан онлайн окууларга активдүү катышуу.

«Облустагы диний кырдаал туруктуу. Бул да болсо дин кызматкерлердин эмгеги. Талыкпай кызмат кыла берсек сыйлыгын Жараткан Аллах Өзү берет. Алдыбызда бир топ маселелер турат. Пандемияга карата мечиттерде санитардык талаптарды так сактап, мечиттин иш кагаздарын иретине келтирип, кыш мезгилине кам көрөлү», — деди Руслан ажы Жумагулов.