![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/10/IMG-20201020-WA0009.jpg)
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Шинаа айылында жайгашкан «Азрети Умар» мечитинде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков билдирди.
Анын айтымында, мечиттин оңдоп-түзөөсүнө кеткен чыгымды жергиликтүү айылдын тургуну өз чөнтөгүнөн чыгарып, сообун көзү өткөн ата-энесине арнаган. Жалпы капиталдык ремонт иштерине 400 000 сом акча каражаты сарпталды.
“Бул бир тууганыбыз ата-энеге жакшылык кылуунун эң мыкты үлгүсүн көрсөттү. Сооп табуу бир гана тамак-аш тартуулоо менен гана чектелбестен ушундай элге пайдалуу иштерди жасаса эмнеге болбосун”,-деди райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков.