Кара – Буура районунда мечиттерди жылуулук менен камсыздоо тапшырмасы берилди

Кечээ, 21-октябрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл — Адыр айылындагы “Фирдаус” мечитинде имамдарга кварталдык жыйыны өттү.

Ага Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, окуу бөлүм башчысы Өмүрзак ажы Абдысамат уулу, райондун баш имам хатиби Ислам ажы Куматаев жана райондун имамдары катышты.

Жыйында мечиттерди кышка даярдык иштерин колго алуу, пандемияга карата санитардык талаптарды так соо зарылдыгы айтылып, мамлекеттик каттоосу жок мечиттердин документ иштерин тездетүү тапшырмасы берилди.