Бишкекте «Мурас» илимин калың журтка жеткирүү боюнча дин кызматкерлери атайын окуудан өтүшөт

Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев Ленин районундагы «Нурул Харамайн» мечитинин  имам хатиби Юсуф ажы Сайпиев менен жолугушуп, «Мурас» темасы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча пикир алышты.   

Замир карынын айтымында, шаар тургундары тарабынан ушул маселе менен кайрылгандар көп экенин белгилеп, бул жаатта атайын окутуулар уюштурула тарганын билдирди.

«Шаарыбызда бүгүнкү күнү Ислам дининдеги «Мурас» темасы  боюнча терең түшүнүккө ээ болгон саналуу гана аалымдарыбыз бар. Ошолордун бирөө биздин Юсуф ажы. Бул кишинин илиминен пайдаланып, жалпы журтчулукка кандай жеткире алабыз деген нерсени пикир кылып, алгач шаардагы имамдарга, андан кийин жалпы элге жеткирүү боюнча бир пикирге келдик»,-деди Замир кары.   

Юсуф ажы Сайпиев «Мурас» илими боюнча терең билими бар аалымдардын бири. Жакынкы күндөрү шаардагы мечит имамдарына аталган илим боюнча сабактардын программасы бекитилип, пандемияга байланыштуу санитардык эрежелерди так сактоо менен окутуулар уюштурула баштайт.