Базар-Коргондо жардамга муктаж үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү үй берилди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибиятынын демилгеси менен Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон  айыл аймагындагы Баймундуз айылынын тургуну Каламбек уулу Жумабекке жаңы заманбап үлгүдөгү эки бөлмөлүү үй берилди.

Аталган турай жай “Мискиндерди сүйүү” кайрымдуулук фонду тарабынан муктаж болгон үй-бүлөнү кубанычка бөлөдү. Үйдү тапшыруу аземине Базар-Коргон райондук хатибияты, кайрымдуулук фонддун жетекчиси Бектур Сатаров,  айыл аймак имамы жана жергиликтүү тургундар катышты.

Райондук хатибияттын атынан кайрымдуулук фондго “Ыраазычылык кат” баракчасы тапшырылды.

“Жумабек агабызга ушул үйү кут болсун! Үйүндө дайым жакшылыктар болсун! Баарыбызга кубаныч тартуулаган кайрымдуулук фондго, жетекчиси Бектур агабызга райондук хатибияттын атынан жана жалпы айыл тургундарынын атынан ыраазычылык билдиребиз. Жараткан соопторун эселеп берсин”,-деди баш имам хатибдин орун басары Акмалжон Шерматов.