Жети-Өгүздүн Ичке-Булуң айылында кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылында кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү. Бул туурасында айыл имамы Улан Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, элге үшүр-зекет туурасында түшүндүрүү иштеринин натыйжасында айыл тургундары 6 тонна будай жана 4 тонна арпа чогултултушкан. Ал толугу менен айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө, медреседе билим алгандарга таратылып берилди.

«Калк арасында үшүр-зекет берүүнүн пайда-пазилетин айтып, элге жеткирүүбүз керек. Анын сообу көп. Имам Азам Абу Ханифа (р.х.) айтат: «Түшүм топурактан жыйналгандан кийин аз болсун, көп болсун ондон бирин же анын баасынчалык алтын же күмүштү мусулман кедейлерге берүү парз»,- деди айыл имамы Улан Алымкулов.