Борбордук мечиттин кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерине салымын кошууда

Бүгүн, 20-октябрь күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечиттин кызматкерлери мечиттин ичин тазалап, усталарга аз болсо да көмөк көрсөтүштү.

Мындай демилгени көтөрүп чыккан мечиттин кызматкери Кенжебек ажы Кекебаев төмөнкүлөргө токтолду.

«Мечит жалпыбыздын ибадат кыла турган жерибиз эмеспи. Андыктан усталарды эле күтуп олтурбай соопчулук үчүн биз да колдон келген салымыбызды кошо берели. Ар ким колунан келген салымын көмөктөшө турган болсо, тез арада оңдоп-түзөө иштери бүтүп калат деген ойдомун. Бардык кызматкерлерди, башка каалоочуларды да салым кошууга чакырып кетем»,— деди Кенжебек ажы.

Мечиттин оңдоп-түздөө иштерине салым кошууну каалаган жарандар төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 

+996 700 337745

+996 776 337745 (Whatsapp)

+996 554 337745 (ЭЛСОМ)