Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын.
Аял дегенде сөздүн аталышынан эле туюнтулуп тургандай, аялдай турган, аярлай турган назик, алсыз, бирок асыл затты түшүнөбүз. Аялзаты табиятынан коргоого, колдоого муктаж экенин бир нече факторлор; биологиялык, физиологиялык, психологиялык, социалдык ж.б. өзгөчөлүктөр айгинелеп турат. Демек, эркектин аялзатына камкор мамиле кылышы табигый зарылдык десек жаңылышпайбыз.
Тилекке каршы, карт тарыхта аялзаты көбүнесе басмырлоого дуушар болуп келди. Аялзатына зордук-зомбулук, кызыл камчылык, басмырлоо аракети ар кайсы доордо ар кандай деңгээлде өнүгүп отурду. Кээ бир диндер Адам атаны азгырып, «адамзаттын бейиштен куулушуна себеп болгон» деп Обо энебизди ашкере күнөөлөйт. Акыйкатта Азирети Адамды да, Азирети Обону да шайтан азгырган эмеспи.[1] Жер шарынын туңгуч жубайлары кылган катачылыгын сезип, өкүнүү менен тообо кылышканда Алла Таала аларды кечирген.[2] Бирок Обо энени гана күнөөлөп, ал себептүү жалпы аялзатын жектеп, аларды «прирожденная грешница» деп билгендер аз эмес. Планетабыздын айрым жерлеринде «аял адамбы же адам эмеспи?», «аялдын руху барбы же жокпу?» деген суроолор кадимкидей коюлуп, кызылдай талаш-тартыштар жүргөн. Кээ бир элдер аялзатын кечээги кылымдарга чейин эзип, укугун тебелеп келгени ырас.
Аялзатына болгон эң катаал мамиле исламга чейинки караңгылык доордогу Арабстанда болгонун танууга болбойт. Ал кезде аял буюм катары каралчу. Аларда эч бир укук болгон эмес. Мурас берилгенди мындай кой, өздөрү мураска бөлүнүп кетчү. Таасирлүү төбөлдөр кыздуу болгонун укканда каарданып, канынан жаралган кыздарын тирүүлөй көмүүгө чейин барышар эле. Эгерде аялдын этек кири келген болсо жийиркенишип, мал сарайларга чыгарып салышчу. Каалаган маалында талак берип, кайра кайтарып, аялзатынын ар намысы менен ойноп, кадырын тебелешер эле…
Адашуу өкүм сүрүп, адилетсиздик күчөгөн, бей-бечара жанчылып, аялзаты кордолгон капсалаңдуу доордо акыйкат дин келди. Ислам эзилгендерге үмүт, аялзатына урмат жана укук берди. Куран-и Карим аялзатына жакшы мамиле кылууга чакырды:
… وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ فَاِنْ كَرِهْتُمُوهُنَّ فَعَسٰٓى اَنْ تَكْرَهُوا شَيْـٔاً وَيَجْعَلَ اللّٰهُ فيهِ خَيْراً كَثيراً
«Аялдарга (жубайыңарга) жакшы мамиле кылгыла. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Алла силер жаман көргөн нерседен мүмкүн көп жакшылыкты берер».[3]
Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү. Талак маселесине олуттуу принциптерди коюп, аны жөнгө салды. Аял үчүн махир маселесин киргизди. Нике кыйылып жатканда да алгач кыздан ыраазылык суралганы – аялзатына артыкчылык бергени эмей эмине? Эгерде кыздын макулдугу жок болсо, анда нике жүрбөйт деп белгиленди…
Алланын Элчиси аялзаты төрөлгөндө атасына бейиш дарбазасы ачыларын,[4] турмушка чыкканда жолдошунун дини толукталып,[5] перзенттүү болгондо бейиш таманынын алдында каларын[6] жар салды. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өз жубайларын «кристал» деп атап,[7] аларды абдан кымбат баалуу асыл ташка салыштырганы да бекеринен эмес эле. Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аялдар тууралуу суралганда:
أَطْعِمُوهُنَّ مِمَّا تَأْكُلُونَ، وَاكْسُوهُنَّ مِمَّا تَكْتَسُونَ، وَلَا تَضْرِبُوهُنَّ، وَلَا تُقَبِّحُوهُنَّ
«Жегениңерден аларга да жедиргиле, кийгениңерден аларга да кийдиргиле, аларды урбагыла жана жамандабагыла» деп жооп берген.[8] Анын «эки алсыздын – жетимдин жана аялдын акысына кол салууга тыюу салам»[9] деген буйругу дале актуалдуу. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзү да аялзатын терең урматтаган. Ал «коштошуу ажылыгы» деп айтылган даңазалуу кутпасында аялзаты тууралуу, «… аялдар маселесинде Алладан корккула, себеби аларды Алланын аманаты катары алдыңар жана Алланын аты менен (нике аркылуу) өзүңөргө адал кылдыңар» деп[10] аялзатын аздектөөгө чакырган. А аманатка кыянат кылуу – эки жүздүүлүктүн белгиси.[11]
Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аялзатын бай-кедей, тектүү-тексиз деп бөлбөстөн, канчалык урматтаганын мындан билиңиз. Мечитти шыпырып-тазалаган кара терилүү аял болор эле. Ал көрүнбөй калганда адамзаттын мырзасы (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аны сурайт. Ал жердегилер аялдын өтүп кеткенин, кайдагы бир аялдын жаназасы үчүн пайгамбардын тынчын алгысы келбегенин айтышат. Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) сахабаларына абдан капа болуп, кийин бейитине барып, жай башында кайрадан жаназа намазын окуп, ал үчүн дуба кылганы[12] эмне деген улуу өрнөктүк! Мына ушунун баары аялдар ардакталбаган илгерки доордо болуп жаткан окуялар экенин эске алсак, анда исламдын аялзатка болгон камкордугу караңгыны «чарт» жарган чагылгандай даана көрүнөт…
Аялзатын урматтоо, барктоо, коргоо жагынан ислам дининдей эч бир дин, эч бир ишеним, эч бир агым же окуу жок чыгар. Бирде аскерлерге кошулуп, согушка даярданган сахабанын аялы ажылыкка барарын уккан пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аны согуштан калтырып, жубайын жалгыз таштабай ажылыкка кошо барышын буюрганы[13] – аялзатын коргоо канчалык маанилүү милдет экенине ишаара. Эркектин аялда, аялдын эркекте акысы бар экенин айткан[14] пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жуптарды өз ара ынтымакта, түшүнүү менен гармонияда жашоого үндөйт. Кыргызда «аял жакшы – эр жакшы» деген макал муну эң сонун туюнтат.
Куран-и Каримдеги жалпы өкүм-буйруктар эркектерге эле эмес, аялдарга да тиешелүү. Аялдар да күнөөдөн тыйылып, жакшы иш кылууга буйрулган. Ыйык Куранда эркекке да, аялга да атайын кайрылган аяттар бар. Мисалы:
يَٓا اَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمُ الَّذي خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ وَخَلَقَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَبَثَّ مِنْهُمَا رِجَالاً كَثيراً وَنِسَٓاءً
“Оо, адамдар! Силерди бир жан (Адам)дан жаратып, анан андан жубун (Обо энени) жараткан, ошондой эле ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аялдарды жараткан Эгеңерден корккула!…”[15]
Же болбосо:
وَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ مِنْ ذَكَرٍ اَوْ اُنْثٰى وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَاُولٰٓئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ نَقيراً
«Жакшы иштерди жасаган эркекпи-аялбы, эгер алар ыймандуу болушса бейишке киришет. Аларга кымындай да зулумдук кылынбайт».[16]
Исламият аялзатты көздүн карегиндей көрүү менен бирге эле милдеттерди да койгон. Аял толук кандуу инсан катары өз укук жана милдеттерин билүүгө тийиш. Кудай таала үй-бүлөдөгү жоопкерчиликти эркекке жүктөгөн. Эркектин табияты үй-бүлөнү коргоо, баш-көз болуу, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоо ж.б. ылайык жаратылган. Ал эми аялзаттын милдети – жолдошуна баш ийүү, сыйлоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекем сактоо болуп саналат. Эркек-аялдын ролу кылымдар бою ислам менен ширелишип келе жаткан салт-санаабызда эң сонун белгиленген. Аялдын үйдө болушу дагы да абзелирээк. Анткени аны камсыздоо, кем-карчын толуктоо эркектин озуйпасы. Аялзаты «кантип акча табам», «үй-жайды кантип бүтүрөм?», «балдарымды кантип чоңойтом?», – деп сарсанаага батып, кара жанын карч уруп иштөөсү туура эмес… Бирок бул деген сөз аялды үйгө камоо дегенди да туюнпайт албетте. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аялдардын биятын[17] кабыл алган, маселе сурап келгендерге жооп берген, баяндарын угууга мүмкүндүк берген, ал тургай мечитине келүүлөрүнө уруксат берген:
لا تمنعوا إماء الله مساجد الله
«Алланын аял кулдарынын Алланын мечиттерине келүүлөрүнө тоскоол болболгула».[18]
Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аялдарга акыркы сапта намаз окууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Эгер балдары ыйлап калса энелери кыжаалат болбошу үчүн намазды тездеткен.[19] Намаз маалында балдары ыйлаганы үчүн аларды асти кагып-силккен эмес. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир жолку Рамазан таңында мечиттеги эркектерди аралап, аялдар жамаатынын жанына келип, садага берүүлөрүн буйрук кылганда, аялдар аны коштогон Билалдын (Алла андан ыраазы болсун) этегин зер буюмга толтурган.[20] Мечиттен чыгууда алгач аялдарга жол бошотулган.[21] (Мында ошол кездеги Пайгамбар мечитинин (Масжид ан-Набави) бир гана диний маселелер эмес, саясий жана социалдык-экономикалык маселелер да талкууланган жайдын функциясын аткарганын эске алуу керек). Ошол доордо айрым аялдар ыктыярдуу түрдө согушка катышып, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) үчүн жан аябай кармашкан.[22] Кан күйгөн майданда кээ бир аялдар жарадар болгондорду дарыласа,[23] дагы бирөөлөрү суу ташыган.[24] Дегеле ислам тарыхында кээ бир аял сахабалар соода менен шугулданса,[25] айрымдары тартипти көзөмөлдөгөн.[26] Демек, пайгамбар доорунда аялзаты шарият койгон талаптарды сактоо шарты менен социалдык, коомдук жана экономикалык чөйрөлөрдө активдүү болгон деп жыйынтык чыгарууга болот.
Жогоруда аср-и саадаттагы аялдардын образы боюнча айрым гана фактылар келтирилди. Аялзатынын коомдогу ордун так, даана, конкреттүү аныктап алуу үчүн «алтын доорго» кеңири кайрылып, андагы момун аялдардын жалпы картинасы[27] менен жакындан таанышуу жана ошого жараша чечим чыгаруу зарылдыгы бар…
Исламият аялзатынын даражасын канчалык көтөргөнүнө карабай, айрым учурларда аялзатына карата жагымсыз көрүнүштөр токтобой келет. Мунун эң негизгиси болуп «аялга зомбулук кылуу» саналат. Арабызда «аялдарыбызга кол көтөрүүгө шарият уруксат берет» деген түшүнүктөгү адамдар да жок эмес. Алар өздөрү көрсөткөн далилдерди тереңдеп түшүнүп, анализдеп, ал боюнча айтылган фикхтин ченем-өлчөмүн изилдеп, залкар аалымдардын көз карашына кайрылса, чындык өзү эле калкып чыгат. Бул да жетиштүү болбосо Куранды жана хадисти жалпылык/ бүтүндүк ичинде караса жооп табылат.[28] Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жубайларына кол көтөргөндү мындай кой, катуу сүйлөгөн учуру да болгон эмес. Демек аялга себепсиз зыян жеткирүү шариятка каршы аракет болуп саналат. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аялга жамандык кылууга каршы чыккан:
لا يفرك مؤمن مؤمنة، إن كره منها خلقا، رضي منها آخر
«Момун жубайына жамандык кылбасын, себеби анын кээ бир мүнөздөрүн жактырбаса да башка мүнөздөрүнөн ыраазы болушу мүмкүн».[29]
Коомубузда кездешип жаткан дагы бир жүрөк ооруткан жагдай, аялы кыз төрөсө кайгыруу, жубайын басмырлоо, ал себептүү ажырашуу сыяктуу өкүнүчтүү стереотип бар. Дин кызматкерлери «перзенттин уул же кыз болуп төрөлөрү Алла Тааладан», – деп кан какшап айтса да, айрымдар тээ жоокерчилик замандагы «уулдуу болсо кубанган» адаттан арыла албай келет. Ырасында Жараткан каалаганына кыз, каалаганына уул перзент берет эмеспи.[30] Кудай Таала кимди ыроолосо да кубанып, шүгүрчүлүк келтирүү менен тосуп алуу – момунга жарашкан сапат.
Бүгүнкү күндө коомубузда айрым учурларда катталып жаткан «аялзатына зомбулук фактылары» кейиштүү жагдай боюнча калууда. Мунун себеби катары исламий тарбиянын жана маалыматтын жетишсиздиги деп көрсөтүүгө болот. Буга динден оолактык да өз салымын кошууда. Ошону менен бирге, кээ бир учурларда катталган жагымсыз фактыларды көбүртүп-жабыртып, манипуляциялап, радикалдык феминизмге курал кылуу да туура эмес. «Аял укугу» деген кооз ярлыкка жамынган, бирок түпкү максаты дин жана менталитетти кыйратууга кызыктар болгон күчтөргө алданбоо керек. Негизи эле кылымдар бою кош тизгиндей келе жаткан улуттук жана диний баалуулуктарыбызга карама-каршы келген ар түркүн жорук-жосундарды четке кагуу зарыл.
Ошондой эле ажырашуу фактысынын көбөйүшүнө себеп болгон бардык кесепеттер менен чогуу күрөшүү – учур талабы. Бактылуу жана бекем үй-бүлөлөрдүн катары калыңдашы үчүн бардык институттар бирге жапа тырмак аракет кылышы керек. Кыргыз аялдар поэзиясынын ири өкүлү Майрамкан Абылкасымованын «Кайсы элде жүдөө күтсө зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты» деген ыр саптарында айтылгандай, бул жараянда өзгөчө эр-азаматтар көбүрөөк салым кошуусу кажет. «Илим алуу эркекке да, аялга да парз» дегенге[31] амал кылып, кыздарга жеткилең билим берсек, бул өз жемишин берет деген ойдобуз. Себеби, билимдүү эне билимдүү коомду тарбиялайт…
Эң туурасын Алла билүүчү
Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев
[1] Таха cүрөсү, 117
[2] Бакара сүрөсү, 36-38; Таха сүрөсү, 121-123
[3] Ниса сүрөсү, 19
[4] Бухари, Закат, 10, Адаб, 18; Муслим, Бирр, 13, 47; Абу Дауд, Адаб, 120-121; Тирмизи, Бирр, 13; Муслим, Бирр, 149
[5] Хайсами, Мажмаъуз-Завааид, №7310; Ажлуни, Кашфул-Хафа, 2/239
[6] Насаи, Жихад, 6
[7] Бухари, Адаб, 111
[8] Абу Дауд, Никах, 40-41
[9] Ибну Маажа, Адаб, 6;
[10] Муслим, Хаж, 147
[11] Бухари, Ийман, 24
[12] Муслим, Жанаиз, 71; Бухари, Салат, 72
[13] Бухари, Жазаус-Сайд, 26; Муслим, Хаж, 424
[14] Тирмизи, Рада, 11
[15] Ниса сүрөсү, 1
[16] Ниса сүрөсү, 124
[17] Биат – баш ийүүгө сөз берүү; Хадис булагы үчүн караңыз: Насаи, Биат, 18
[18] Муслим, Салаат, 136
[19] Бухари, Азан, 65
[20] Муслим, Идайн, 1; Бухари, Илим, 32
[21] Бухари, Азан, 152
[22] Ибн Хажар, Исаба, VIII, 140
[23] Ибн Хишам, Сират, IV, 199
[24] Бухари, Жихад, 65; Муслим, Жихад ва сияр, 136
[25] Ибн Абдулбар, Истиаб, 903
[26] Ибн Абдулбар, Истиаб, 914
[27] Кененирээк маалымат үчүн: Hadislerle İslam// Түркия Диянет Иштери Башкармалыгы, Анкара 2011, IV т., 223-240-бб.
[28] Мындагы «кол көтөрүү» дегенди себепсиз көгала койдой сабоо эмес, үй-бүлөнү сактап калуунун эң акыркы чарасы катары зыян жеткирбегендей, жеңил гана какыс-кукус кылуу деп түшүнүү туура болор (Аллаху аълам).
[29] Муслим, Рада, 61
[30] Шуара сүрөсү, 49-50
[31] Ибну Маажа, Мукаддима, 17