Үйлөнүүгө тыюу салынган аялдар

Факихтер (шарият аалымдарынын) колдонуусунда мындай аялдарды “ал-мухаррамат минан-ниса” – махрам, тактап айтканда, никеге алуу, үйлөнүү арам кылынган аялдар.

Булар эки бөлүккө бөлүнөт. Биринчиси, тап-такыр, эч качан үйлөнүүгө мүмкүн болбогон аялдар. Экинчи бөлүгү убактылуу мөөнөткө чейин үйлөнүүгө мүмкүн болбогон аялдар. Экинчисинен үйлөнүүнү тыюучу себеп кетсе гана, аларга үйлөнүүгө болот.

Биринчи бөлүк үч түрдүү болот:

  1. Туугандык себептүү;
  2. Үйлөнүү себептүү;

3. Сүт эме турган учурда жигит жана кыз эмчектеш болгон себептүү үйлөнүү мүмкүн болбогон аялдар кирет.

Туугандык себебинен үйлөнүүгө мүмкүн болбогон аялдар:

1.Ар бир эркек кишинин өзүнөн тараган аялдар: кызы, кызынын кызы, уулунун кызы, алардан тараган бардык аялдар, алар канчалык төмөнгө карап уланып кетишсе да, баары бир үйлөнүү арам;

2. Ар бир эркек кишинин теги – энеси, чоң энеси, алар канчалык жогорулап кетишсе да, алар ата тарабынан болушса да баары бир үйлөнүү арам.

3. Ар бир эркек кишинин атасынан жана энесинен тараган эже-карындаштары, алар бир ата-энеден болушса да, атасы башка, энеси бир болушса да, атасы бир, энеси башка болушса да баары бир. Ошондой эле, ага-инисинен, эже-карындаштарынан таралган аялдарга – жээндерине үйлөнүү арам. Алар канчалык төмөнгө карай уланып кетишсе да баары бир;

4. Ар бир эркек кишинин чоң ата жана чоң энесинен таралган аялдардын биринчи даражасы, тактап айтканда, атасынын бир туугандарына жана энесинин бир туугандарына үйлөнүү арам. Бирок атасынын бир туугандарынын, тайкелеринин, тайежелеринин кыздарына үйлөнүүгө болот.

 Жогоруда саналгандардын арам экендигине далил Алла Тааланын Ниса сүрөсүндөгү 23-аятта айткан төмөнкү сөзү:

   حُرِّمَتْ عَلَيْكُمْ أُمَّهَاتُكُمْ وَبَنَاتُكُمْ وَأَخَوَاتُكُمْ وعَمَّاتُكُمْ وَخَالاَتُكُمْ وَبَنَاتُ الأَخِ وبَنَاتُ الأُخْتِ وَأُمَّهَاتُكُمُ الَّتِى أَرْضَعْنَكُمْ وَأَخَوَاتُكُم مِّنَ الرَّضَاعَةِ وَأُمَّهَاتُ نِسَآئِكُمْ وَرَبآئِبُكُمُ الَّتِى فِى حُجُورِكُم مِّن نِسَآئِكُمُ الّتِى دَخَلْتُم بِهِنَّ فَإِن لَّمْ تَكُونُوا دَخَلْتُم بِهِنَّ فَلاَ جُنَاحَ عَلَيْكُمْ وَحَلآئِلُ أَبْنَآئِكُمُ الَّذِينَ مِنْ أَصْلاَبِكُمْ وَأَن تَجْمَعُوا بَيْنَ الأُخْتَيْنِ إِلاَّ مَا قَدْ سَلَفَ إِنَّ اللهَ كَانَ غَفُورًا رَّحِيمًا﴿23﴾

“Силер үчүн энелериңер, кыздарыңар, эже-карындаштарыңар, атаңардын бир туугандары, энеңердин бир туугандары, ага-инилериңердин кыздары эже-карындаштарыңардын кыздары, эмизген энелериңер, эмчектеш эже-карындаштарыңар, кайненелериңер, жыныстык байланышта болгон аялдарыңардын силердин тарбияңарда (башка күйөөдөн) болгон кыздары (мына ушул санап өтүлгөн аялдарга  үйлөнүү) арам кылынды, эгерде аялдарыңар менен жыныстык байланышта болбогон болсоңор (аларды талак кылгандан кийин мурунку күйөөлөрүнөн төрөлгөн кыздарына үйлөнсөңөр), силер үчүн күнөө жок. Дагы өз каныңардан болгон уулдарыңардын аялдарына (үйлөнүүңөр), ошондой эле эже-сиңдилерди бириктирип (тактап айтканда, бирин талак кылбай туруп, экинчисине) үйлөнүүңөр арам кылынды. Бирок мурун өткөн болсо (Алла кечирет). Албетте, Алла – Кечиримдүү жана Мээримдүү”.

Аяттагы “энелериңер” сөзү кишинин төрөгөн энеси жана ата жана энесинин энелери, тактап айтканда тайенелерди да өз ичине камтыйт. Ошондой эле, аяттагы “кыздарыңар” сөзү да кыздар жана уулдарынын кыздары демек, канчалык төмөнгө карап кетсе да, бардыгын өз ичине алат.

Аятта айтылган аялдарга үйлөнүүнүн арамдыгы тек себебинен. Мунун хикматын аалымдарыбыз төмөнкүчө чечмелешкен:

1.Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн бардык шарияттарда айтылган аялдарга үйлөнүү арам кылынган. Соңку илахий (Алладан келген) дин – Исламда болсо айтып өткөнүбүздөй илахий китеп Куран аркылуу арамдыгы айтылган.

2.Жаныбарларда жүргүзүлгөн илимий тажырыйбалар, бири-биринен келип чыгуусу узак болгондорун өрчүткөндө пайда болгон уруктар бакыбат, жакын болгондорунан таркалган уруктар болсо алсыздыгы аныкталган.

Ошондуктан жакын туугандардын нике аркылуу кошулууларынан дене түзүлүшү, организими начар перзенттердин төрөлүүсү көбүрөөк кездешет…

Азирети Умар розияллоху анху ас-Саиб коомунун (балдарынын) бири-бирлери менен кудаалашкандарын көрүп:

قد اضويتم فانكحوا النوابغ

“Жакын туугандарыңардан үйлөнүп жатасыңар, тууган болбогон ар тараптан жөндөмдүүлөр менен кудаалашкыла”, деди. Азирети Умардын бул айткан сөздөрү үйлөнүүгө мүмкүн болгон туугандарга карата айткан сөздөрү, себеби жакын туугандарга үйлөнгөндө ортодо болгон кыймыл анчалык күчтүү болбойт экен. Перзент болсо ошол кыймылдын жемиши.

3.Туугандарга үйлөнүү – турмушта күйөөсү менен аялынын ортосундагы мамилелерге жана туугандардын ортосундагы  бекем, жогорку, мээримдүү, күйүмдүү туугандык байланыштарга терс таасирин көрсөтүшү мүмкүн.

Чынында аларга үйлөнгөндөн кийин узак убакка түзүлүп, толук болгон кээ бир туугандык мамилелерди моюндан алууга, ага амал кылбоого алып келет. Натыйжада эки тараптын ортолорунда бири-бирине болгон мээрим-сүйүүсү алсыздайт, баштагыдай тууган-уруктук да, бекем пайдубалдуу үй-бүлө да болбоосу белгилүү.

“Ал-Бадаиъ” китебинин түзүүчүсү Касоний аятта айтылган “Туугандар менен никеленүү арадагы туугандык мамиленин үзүлүүсүнө алып келет. Себеби үй-бүлөдө күйөө менен аялдын ортолорунда келишпөөчүлүк, бири-бирине боло турган копол-ыңгайгыз мамиле тууганчылыкка зыян жеткизет. Тууганчылыкты үзүү арам. Ушул себептен арамга алып баруучу байланыш да арам”, деген экен.

4. Аятта тыйылган туугандарга үйлөнүү мүмкүн болгондо, аларга тууган болгон ар бир эркек кишинин, алар менен көрүшүүсү мүмкүн болбос эле. Себеби көрүшкөндө аларга кошулуу сезими пайда болот. Сезим кишинин дүүлүгүүсүн козгойт. Натыйжада ортодо бузуктук келип чыгуусуна себеп болот.

Эгерде киши өз карындашы, атасынын бир тууган эже-карындашы, энесинин бир тууган эже-сиңдиси жээни менен көрүшүүдөн тыйылса, турмушта көптөгөн кыйынчылыктар кездешип, мамиледе өтө кысылыш абал келип чыгат. Бирок ортолорунда нике мүмкүн эмес, арам деген өкүм болсо, үйлөнүү сезими өзүнөн-өзү жоголот. Бири-бири менен мамиледе болууларына кеңири жол ачылып, туугандык байланыштары бекемделет. Демек, алардын ортосундагы никенин тыйылышы, инсандык талабы, инсаният тукумунун бекемделиши жана аны коргоо экен.

Үйлөнүү себебинен тууган болуп (тап-такыр үйлөнүүгө мүмкүн болбогон) аялдар:

1. Кишинин негизи деп эсептелген атасынын, чоң атасынын аялдарына үйлөнүү арам. Алар – чоң аталар ата тарабынан болушса да, эне тарабынан болушса да айырмасы жок.

Ага далил Ниса сүрөсүнүн 22-аяты. Анда:

   وَلاَ تَنكِحُوا مَا نَكَحَ ءَابَآؤُكُم مِّنَ النِّسَآءِ إِلاَّ مَا قَدْ سَلَفَ إِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةً وَمَقْتًا وَسَآءَ سَبِيلاً﴿22﴾

“Аталарыңар үйлөнгөн аялдарды никеңерге албагыла! Бирок илгери (Исламга чейин) өткөн болсо (үйлөнгөн болсоңор, Алла кечирет). Албетте, бул – осол жана жийиркеничтүү жаман адат”, деп айтылат.

2. Өзүнөн болгон перзентинин жана неберелеринин аялдарына үйлөнүү арам. Бул чиркелиш канчалык уланса да айырмасы жок.

Буга далил Ниса сүрөсүнүн 23-аяты. Анда:

«وَحَلآئِلُ أَبْنَآئِكُمُ الَّذِينَ مِنْ أَصْلاَبِكُمْ«

Өз каныңардан болгон уулдарыңардын аялдарына…(үйлөнүүңөр арам кылынды)…. (Асыранды уул буга кирбейт).

3. Кишинин никесинде болгон аялынын негизги энеси, чоң энеси, тактап айтканда, кайын энесинине, кайын энесинин энесине, алар канчалык жогорулап кетсе да үйлөнүү арам.

Ага далил Ниса сүрөсүнүн 23-аяты. Анда:

«حُرِّمَتْ عَلَيْكُمْ أُمَّهَاتُكُمْ«

“…Силер үчүн энелериңерге үйлөнүү арам кылынды…”, дегендеги энелерге кайын энелер да кирет.

4. Өгөй кызына үйлөнүү арам. Бирок өгөй кызынын энесин никесине алып, ал менен жыныстык мамиле кылбай туруп ажырашса, ал кызга үйлөнүүгө болот.

Ага далил Ниса сүрөсүнүн 23-аяты. Анда:

  «وَرَبآئِبُكُمُ الَّتِى فِى حُجُورِكُم مِّن نِسَآئِكُمُ الّتِى دَخَلْتُم بِهِنَّ فَإِن لَّمْ تَكُونُوا دَخَلْتُم بِهِنَّ فَلاَ جُنَاحَ عَلَيْكُمْ..

Силер үйлөнгөн аялдын башка күйөөдөн болгон кызы, (ошол) аялга жакындык (жыныстык мамиле) кылган болсоңор арам. Бирок андай мамиле болбогон болсо, ага (кызына) үйлөнүү күнөө эмес, деп айтылат.

Наристе (сүт эме турган) куракта бир аялды эмгендик себебинен үйлөнүүгө мүмкүн болбогон аялдар:

1. Баланы эмизген аял жана ал аялдын теги – энеси, энесинин энеси, алар аялга эне тарабынан болушса да, ата тарабынан болушса да айырмасы жок, арам.

2. Кишинин өзүнөн болгон кызы эмизген кызга, аялы эмизген разоъий (бир кишинин аялы бирөөнүн перзентин наристе учурунда эмизсе, эмизген аял эмген балага эне болуп эсептелет) кызына, бул чиркелиш канчалык уланып кетсе да, үйлөнүү арам.

3. Кишини эмизген аял жана анын күйөөсүнөн тараган аялдарга, бул чиркелиш канчалык уланып кетсе да үйлөнүү мүмкүн эмес.

4. Кишинин аялын эмизген разоъий (төрөгөн эмес) энеси жана ал эненин энесине үйлөнүү мүмкүн эмес.

Жогоруда айтылган аялдарга үйлөнүүнүн арамдыгы Куран, сүннөт жана ижмаъ (уламалардын кеңеши) менен болгон.

Алла Таала Ниса сүрөсүнүн 23-аятында:

«وَأُمَّهَاتُكُمُ الَّتِى أَرْضَعْنَكُمْ وَأَخَوَاتُكُم مِّنَ الرَّضَاعَةِ«

“Силерге силерди эмизген энелериңер (төрөгөн энеден башка аял эмизген болсо, ал да эне эсептелинет) жана силер эмген энени эмген эже-карындаштарыңарга үйлөнүүңөр арам кылынды”.

Пайгамбарыбыз соллоллоху алайхи васаллам да:

يحرم من الرضاعة ما يحرّم من النسب

“Текте, тактап айтканда, тууганчылыкта кайсыл аялдарга үйлөнүү мүмкүн болбосо, эмизгенде да ошол аялдарга үйлөнүү арам”, деди.

Разоъ тактап айтканда эмизүүгө эсептелүү убагы жана эмген сүттүн өлчөмү туурасында Имам Абу Ханифа рахматуллохи алайхинин мазхабында эмген сүттүн маалым өлчөмү дайындалбаган. Бир мертебе эмсе, эмгенге эсептелинет деп айткан. Бирок эмген убагы бала төрөлгөндөн баштап эки жарым жашка чейин, тактап айтканда, отуз ай мөөнөтү ичинде бир мертебе эмсе да эмгенге эсептелинип, эмизген аял эмген балага эне өкүмүндө болот деп айткан. Буга аят жана хадистен далил келтирген. Алла Таала Куранда:

“Силерди эмизген аялдар силердин энелериңер”, деген. Аятта эмизген деп гана айтылган. Сүттүн өлчөмү ачык айтылбаган.  Демек, бир мертебе эмген болсо да эне өкүмүнө кирет.

Расулуллох соллоллоху алайхи васаллам:

يحرم من الرضاعة ما يحرّم من النسب

“Текте кимге үйлөнүү арам болсо, эмизгенде да арам болот”, деп эмизгенди гана айткан, эмизүү мөөнөтүн дайын кылбаган. Демек, бир мертебе эмген болсо да эмген болот.

Бирок эмүү мөөнөтү отуз ай деген сөздөрүнө Ахкоф сүрөсүнүн 15-аятын далил кылып келтирген:

«وَ حَمْلُهُ وَفِصَالُهُ ثَلاَثُونَ شَهْرًا«﴿15﴾

ага (балага) бойкат болуу жана аны (сүттөн) ажыратуу (мөөнөтү) отуз ай, деген.

Аяттагы көтөрүп жүрүү сөзү курсакта көтөрүп жүрүүнү да, колдо көтөрүп жүрүүнү да өз ичине алат. Ошондуктан туулгандан соң отуз ай деп айтылса, эки ыктымалды да өз ичине алган болот. Себеби бир нерсени арам деп айтууда этияттык шарт.

Эми разоъ (өз энесинен башка аялдын эмизүүсү) себептүү никенин арам болуу хикматына келсек, биринчиден, бир аялды эмген бала ошол аялдын бир булагы менен азыктанат. Ошол азык – сүт андагы кандан пайда болот. Демек, энеде кандай оору болсо, ал сүт аркылуу балага өтөт. Эгерде эне сак, бакыбат болсо, бала да сак, бакыбат болуп өсүп жетилет. Бала эненин бир булагы. Эне төрөгөн перзент менен төрөбөй эмизген перзенттин айырмасы, эне төрөгөн перзент анын курсагында каны менен азыктанган, бирок төрөбөй эмизген эне болсо төрөлгөндөн соң анын сүтү менен азыктанган болот. Төрөгөн энелерине тап-такыр үйлөнүү мүмкүн болбогондой эле, эмизген энелерине да үйлонүү эч качан мүмкүн эмес.

Экинчиден, бир аялды эмген бала ошол үй-бүлө мүчөлөрүнөн бири болуп эсептелинет. Тек себептүү болгон ар кандай үй-бүлөлүк байланыш, разоъ (эмизүү) менен пайда болгон үй-бүлөлүк байланыш менен бирдей.

Үчүнчүдөн, эмизе турган энеси болбогон наристени эмизүүгө аялдарды үндөйт. Себеби эмизе турган эне билет, шариятта эмген бала эмген энени өз тууган энесиндей сый-урмат кылуусу милдет экендигин билет. Мына ушул себептен эмген балага төрөгөн энесине үйлөнүүсү арам болгондой эле, эмизген энеси да арам. Бул менен эмизген эненин урпагы (тамыр-уругу) көбөйөт. Эмизген эненин кадырын ушунчалык жогору көтөргөн Ислам мыйзамынын хикматы ушунда.

Даярдаган:   Чүй казыятынын кызматкери Бактияр Азим