Илимдин артыкчылыгы

Азирети Алинин илиминин тереңдигин сыноо үчүн харижилерден он кишиден турган бир топ адамдар ага минтип суроо беришет: Илим жогору турабы, же байлыкпы?

Анда Али (Аллах Таала андан ыраазы болсун) минтип жооп берет:

  1. Илим байлык малдан артык турат. Анткени, илим пайгамбарлардын мурасы. Ал эми байлык Карун, Фираун, Хамандын мурасы.
  2. Илим жогору турат. Анткени, илим ээсин коргойт. Ал эми байлыкты анын ээси коргойт.
  3. Илимдин жакшылыгы көп. Анткени, байлыгы көптүн душманы да көп болот. Ал эми илимдүү кишинин досу көп болот.
  4. Илим мал-мүлктөн артык. Анткени, мал-мүлктү сарптаган сайын азаят. Ал эми илимди тараткан сайын көбөйөт.
  5. Байлык өз ээсин сараң кылат, илим болсо өз ээсин даңазалайт.
  6. Мал-мүлктү ууру, каракчыдан сактайсың, ал эми илимди коруп сактоонун кереги жок.
  7. Мал-мүлкт турган сайын баасы түшөт. Ал эми илим турган сайын баасы артат.
  8. Байлык ээси байлыгы менен мактанып, өзүн кудай сезе баштайт. Ал эми илим ээси андайдан алыс болуп, кичи пейил болот.
  9. Байлык жүрөктү карартат. Ал эми илим болсо нурдантат.
  10. Мал-дүнүйө ташбоордукка алып келет. Ал эми илим болсо, кичи пейилдикке жана мээримдүүлүккө себеп болот.

  Илимдин куттуу дарбазасы болгон Али он киши сураган бир суроого он түрдүү жооп бергенде, уккандар таң калышып, ага каршы туруудан баштартышып, анын тобуна кошулушкан.

 «طلب الْعلم سَاعَة خير من قيام لَيْلَة ، وَطلب الْعلم يَوْمًا خير من صيام ثَلَاثَة أشهر»

Имам Дийламийден риваят кылынган хадисте мындай деп айтылат: «Бир саат илим талап кылуу, түнкү ибадаттан жакшыраак жана бир күн илим талап кылуу үч ай (нафил) орозо тутуудан жакшыраак.»

 قال رسول الله — صلى الله عليه وسلم — طلب العلم فريضة على كل مسلم وإن طالب العلم يستغفر له كل شيء حتى الحيتان في البحر

Алланын элчиси с.а.в. мындай деген: «Илимди талап кылуу ар бир мусулманга парз. Чындыгында илим талап кылуучуга бардык нерсе, жада калса деңиздеги балык дагы истигфар айтат. (Ал үчүн кечирим сурайт)»

Илимдердин башында Алланын сөзү болгон Куранды үйрөнүү турат. Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай дейт:

«قال النبي صلى الله عليه وسلم : (خيركم من تعلم القرآن وعلمه ) رواه أبو داود والترمذي »

Мааниси: «Силердин жакшыраагыңар-Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр.»

Курандан кийинки даражада пайгамбарыбыздын хадисин үйрөнүү турат. Хадисти үйрөнүүнүн артыкчылыгы тууралуу пайгамбарыбыз мындай дейт:

«قال رَسُولَ الله صلى الله عليه وسلم يَقُولُ: «مَن حَفِظَ عَلَى أُمَّتِي أَربَعِينَ حديثا مِن سُنَّتِي أَدخَلتُهُ يَومَ القِيامَةِ فِي شَفاعَتِي

Мааниси: «Ким менин үммөтүмдөн менин сүннөтүмдөн кырк хадисти жаттаган болсо, кыямат күнү аны шапаатыма киргиземин.»

Илим алууда жаш, куракка карабастан ар бир мусулман дайыма илим алуусун улантып туруусу керек. Кээ бир кабарларда минтип айтылат:

«اطلبوا العلم من ا لمهد إلى اللحد»

Мааниси: «Илимди бешиктен кабырга чейин талап кыл!»

Даярдаган: Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев