Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев Бакай-Ата айылында көчмө жыйын өткөрдү

Бүгүн, 27-октябрда Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев Бакай – Ата районунда жайгашкан Бакай – Ата айылында көчмөн жыйын өткөрдү.

Ага райондун баш имам хатиби Үсөн ажы Жороев жана айыл имамдары катышты.

Жыйында облус казысы фикх, тажвид, хутба кылуунун эрежелери туурасында баяндамасын жасап, санитардык эрежелерди сактоо боюнча имамдарга бир катар тапшырмаларды берди.

  1. Санитардык эрежелерди каттуу көзөмөлгө алуу.
  2. Мечиттерди кышка даярдыктарды көрүү.
  3. Мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү тездетүү.
  4. Ыйык Курани каримди жумасына хатм кылуу.