Кара – Буура районунда 70 орундуу медресе курулууда

Талас облусунун Кара – Буура районунда 2 кабаттан турганын медресенин курулуш иштери соңуна чыгып калды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Талас облустук казынын орун басары Касым ажы Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, медресе 70 адамга ылайыкташып, ичинде окуу жайы, ашкана, дааратканасы дагы бар. Курулуш иштери мындан 8 жыл мурун башталып, каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган эле.

«Бүгүнкү күнгө карата медресенин 80 пайызы бүткөрүлдү. Кудай  буюрса 1 айдын ичинде толук аяктоонун алдында турабыз. Эң биринчи максат   келечек муунду  туура жолго салып, аларга илим үйрөтүү.  Бул  райондо медресе жок болгондуктан  элдин талабы менен  башталган иш”, — деди казынын орун басары Сыдыков Касым ажы.