Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев улут аралык ынтымакка чакырган баяндамасын жасады

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев калаанын “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы “Бадр” мечитинде жергиликтүү элге улут аралык ынтымакты бекемдөө максатында баяндамасын жасады.

“Биз ар түрдүү улуттанбыз. Бирок карманган динибиз Ислам дини болуп саналат. Ислам дининде мусулмандар бири-бири үчүн бир тууган деп эсептелинет. Диндеш бир тууган катары бири-бирибизде урмат сыйда болуубуз кажет”,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.