Сузакта улуттар аралык мамилени бекемдөө максатында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук хатибиятынын демилгеси менен улут аралык мамилени бекемдөө максатында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Анда Сузак  районуна  караштуу ар улуттун өкүлдөрү  жашаган  Сузак, Ырыс, Атабеков, Кара-Дарыя  айыл  округдарында  мечит  имамдар менен жаштар атайын иш-чара уюштурду.

Иш-чаранын башкы максаты соцтармактарда улут аралык мамилеге доо кетирген чагымчыл күчтөргө каршы туруп, эл достугун даңазалоо.

Өлкөбүздөгү саясий абал курч болуп турган убакта кээ бир жарандар соцтармактар аркылуу башка улут өкүлдөрүнө туура эмес өңүттөгү чакырыктарды таштап жатышат. Алардын мындай чагымчыл аракетине жол бербөө максатында ар улуттун өкүлдөрү жашаган айыл тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз«,-деди райондун баш имам хатиби Исмаилов Жунус ажы.