Чүй облусундагы мечиттерде кыш камылгасы көрүлүп, бир катар жумуштар жасалды


Чүй облусунун аймагындагы бардык мечиттерде кыш мезгилине карата даярдык иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Чүй казыятынын иш башкармасынын башчысы Кубан ажы Бекешов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин КМДБ тарабынан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында суук түшкөнгө чейин мечиттерди жылуулук менен камсыздоо тапшырмасы берилген эле. Айрым мечиттерде бул тапшырмага ылайык, бир катар иштер жасалды.

Алсак:

1) Кемин районунун борбордук мечитинде жылуулук системасы орнотулду. Каражат мечитке келген кайрымдуу жарандардын демөөрчүлүгү менен топтолду;

2) Чүй районунун Мээнеткеч айылындагы «Амина» мечиттин дааратканасы жаңыланды;

3) Чүй районунун «Шабдан Ата» борбордук мечитинин 550 чарчы метр жайнамазы толук жуулду;

4) Панфилов районунун борбордук мечити отун менен камсыздалып, кышка кам көрүлдү.

Мындан башка көп мечиттерде көмүр менен камсыздоо, отун даярдоо, мечиттин ичин жылуулоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул иш-чаралардын дээрлик бардыгы жергиликтүү жамааттын салымы менен иш жүзүнө ашууда.