Эркек менен аялдын үй-бүлөдөгү мамилеси

Аллах Таалага мактоолор болсун, пайгамбарыбызга (САВ) салам, дубалар болсун.

Үй-бүлө куруу бул эркек менен аялдын алакасы менен чектелип калбастан балким ал жүрөктөрдүн, акылдардын бири бирине бекем байланышын түшүндүрөт. Эркек аялдын алакасы башка алакалардан адам жана коомчулук үчүн маанилүү жана олуттуу экендигинде айрымаланып турат.

Алла Таала эркектерди аялдарына жакшы мамле кылууга жана алар менен жакшы жашоого, аларга камкорчулук кылып, аларга баш-көз болууга өкүм кылат. Алланын Элчиси (с.а.в.) айткан: “Аялдарга болгон мамледе Алладан корккула, акыйкатта Алла Таала аларды силерге ишенип берди жана аларды жубайлыкка Алланын сөзү аркылуу алдыңар”.

Эркек менен аялдын мамилесинде өзүнүн адептери бар. Ар бир үй-бүлө мүчөсү ошол адептер менен сыпаттануусу керек. Айта кетсек: Кетирилген каталарга кечиримдүү болуу, жоопкерчиликти көтөрүүдө бири-бирине жардам көрсөтүү, бири-бирин сүйүү жана боорукерликти, жубайлардын үй-бүлөсүнүн ортосундагы өз ара урмат-сый көрсөтүү жана ушул сыяктуу көптөгөн адептер бар. Эгерде ар бир үй-бүлө ээлери ушул адептерди карманып мамиле жасашса, ошол кичине мамлекет ар дайым ынтымакта, бактылуулукта жашоо өткөрүшөт. Аллахтын каарын келтирген талак маселеси, жаш наристелер да тирүүлөй жетим болбойт. Тескерисинче үй-бүлө кургандар үй-бүлө куруу адептерин билишпесе, иш жүзүндө колдонбосо, ошондой эле өз милдеттерин билишпесе же болбосо милдеттерин так аткарбаса анда ал үй-бүлөнүн келечеги тайкы болот Аллах сактасын. 

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: “Ким өзүнүн үй-бүлөсүнө мээримдүүрөөк болсо, ошол ыйманы бийик момун болуп эсептелет”. Дагы бир хадисте “Силердин эң жакшыңар өзүнүн үй-бүлөсү менен жакшы мамледе болгону”,- деген. Үлгү алууга Пагамбарыбыз (с.а.в.) жашоосу мисал болуш керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзүнүн киймдерин өзү жамап, бут кийимин өзү оңдогон. Жубайына  балдарды тарбиялап, үй жумуштарын кылууда жардам берген. Эгер Айша энебиз тандырга нан жаба турган болсо, пайгамбарыбыз (с.а.в.) тандырга от жагып даярдап берет эле. Ошондой эле  пайгамбарыбыз (с.а.в.) туугандарына да жардам берип турган. Алладан бекем ыйман, диний билим жана үй-бүлөдөгү жакшы мамилени сурайбыз.

Бул  жашоодо эркек менен аялдын вазыйпасы бирдей, бирок алардын ар бири өзүнүн дене түзүлүшү, акылы, сезимдерине жараша аткарышат.Аял затынын милдеттери сыртка караганда ичте көбүрөөк. Эркектин милдети тескерисинче ички иштерге караганда сыртта көбүрөөк. Мына ушундай болсо үй-бүлө куруу эң жакшы абалда, эң толук түрдө болот.

Аял кишиге үй жумуштарында, балдарды тарбиялоодо айрыкча балдарын жаштыгында тарбиялоодо, күйөсүнүн кызматын кылууда ошондой эле дин жаатындагы милдеттери, коомчулук алдындагы милдттерин аткарууда чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Ал эми эркек кишиге өз аялына жана үй-бүлөсүнө моралдык жана материялдык жактан алар муктаж болгон нерселерди камсыз кылуу ошондой эле балдарын тарбиялоодо аларга таалим берүү жүктөлгөн. Аллах Таала Куран каримде мындай дейт: “Эркекпи же аялбы ыйман келтирип, изги иштерди жасаса ага мыкты жашоо беребиз .Ошентип аларга кылган иштеринен жакшыраак сыйлык беребиз”,- десе,  дагы Аллах Таала Бакара сүрөсүндө мындай дейт: “Эркектердин аялдарында акылары болгон сыяктуу эле аялдардын да күйөөлөрүндө белгилүү акылары бар. Аялдарга караганда эркектердин даражасы артыгыраак, Аллах мартабалуу даанышман”.   Ушул себептен үй-бүлөдө жалпы башкаруу эркектин колунда. Бул туурасында пайгамбарыбыз алейхи салам айтат: “Эгерде бирөөнү башка бирөөгө сажда кылууга буйрусам аял өз эрине сажда кылууга буйрумакмын”.  Бул хадистин мааниси аял киши күйөөсүнө итаат кылуусу важип болот, эгер күйөөсү өз милдеттерин так аткарса. Мына ошондо үй-бүлө бекем болуп, бактылуу болот.

Даярдаган: Абдулазиз кары Закиров.

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы