Бишкектеги «Мекке» мечити кышка толугу менен даяр

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун «Ак Босого» конушунда жайгашкан «Мекке» мечитинин жамааты кышка толугу менен даяр. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда аталган мечиттин имам хатиби Урмат каары Султанов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев имамдарга мечиттерди жылуулук менен камсыздоо тапшырмасын берген эле. Мунун негизинде жергиликтүү жамаатка кайрылышкан.

«Биздин мечит конуштун чет жагында жайгашкандыктан ичи чакан. Кыштын камын азыртадан көрүп, суук түшкөнчө жылуулук менен камсыздоо иштерин баштадык. Бүгүнкү күндө мечит жамааты кыш мезгилине даяр. Буга салым кошкон жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирем»,- деди Урмат кары.