Диндеги аша чабуу

Гулув (الغلو) сөзү арабча “غلا”, “يغلو” этишинен алынган атооч, тагыраак айтканда бир иш-аракеттин аталуусу болуп, сөздүк жаатынан аша чабуу, чекти билбестик деген маанилерге далалат кылат.   

            Динде ортолук чегарасын бузуп, аша чабуу байыркы доорлорго барып такалган терс абалдардан бири болуп, мындай абал бардык диндерде болгон. Мисал үчүн, ахли китептерден христяндар Аллах буюрбаса да өздөрүнө кечилдикти жана дүйнөнү таштоону милдет кылып алышты, ошондой эле Аллахтын кулу жана пайгамбары болгон Иса алайхи саламды инсандык даражасынан жогорураак даражага коюп, кудай кылып алганга чейин барып аша чабышты. Аллах Таала аларды динде аша чабуудан кайтарып:

يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ وَلَا تَقُولُوا عَلَى اللَّهِ إِلَّا الْحَقَّ ۚ إِنَّمَا الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ رَسُولُ اللَّهِ وَكَلِمَتُهُ أَلْقَاهَا إِلَىٰ مَرْيَمَ وَرُوحٌ مِنْهُ ۖ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ ۖ وَلَا تَقُولُوا ثَلَاثَةٌ ۚ انْتَهُوا خَيْرًا لَكُمْ ۚ إِنَّمَا اللَّهُ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۖ سُبْحَانَهُ أَنْ يَكُونَ لَهُ وَلَدٌ ۘ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا ﴿١٧١﴾

“Эй китеп ээлери! Силер диниңерде чектен ашпагыла. Аллах тууралуу чындыктан башканы айтпагыла! Анткени Марям уулу Иса Аллахтын Элчиси гана. Аны Марямга салган Анын (“Бол!” – деген) сөзү жана Андан келген рух. Аллахка жана Анын элчилерине ишенгиле! “Үчөө” – деп айтпагыла! (Аллахты “үчөө” деп айтуудан) токтонгула! Бул силер үчүн жакшы. Акыйкатта, Аллах жалгыз Кудай. Ал перзенттүү болуудан таза. Ага асмандар менен жердегилердин баары таандык. Аллах Өзү жетиштүү күбө!”деди (“Ниса” сүрөсү: 171-аят).

            Динде чегин билбестик, Аллах белгилеген чегараларды бузуп, аша чабуу абалдары өкүнүчтүүсү Ислам дининдеги адамдарга да жат эмес. Тарыхтан жакшы маалым, көптөгөн адашкан тайпалар, адашуудагы фиркалар динде, акыйда маселелеринде чектен ашып, аша чапкандыктары үчүн туура жолдон азып, адашуу баткагына чөгүп кетишкен.  

             Тарыхка назар салчу болсок, динде чектен ашуу жана аша чабуу абалдарынын негизги себептери көбүнчө, динди жакшы түшүнбөгөндүктө, шарияттын максатарын жана фикх илимин терең билбей туруп, Аллахка чыныгы ибадат кылуу, шариятты жашоого толук киргизүү сыяктуу ыйык максаттар себептүү жүзөгө келген. Тагыраак айтканда, инсан илимсиз болсо, илимсиздик жана наадандык менен Аллахка ибадат кылмакчы болсо, ал инсандын ниети канчалык өзүнүн көңүлүндө аруу болбосун, туура жолдон адашып кетүүсү анык. Бул нерсени, Ислам үммөтүндө эң биринчи болуп майданга келген хавариждер тайпасынын мисалында көрүшүбүз мүмкүн. Хавариждер тайпасы диний билимдери терең болбогондуктан Куран аяттарын туура эмес түшүнүп алышкандыктын натыйжасында жолдон адашты жана Ислам үммөтүнүн башына көптөгөн кырсык-балээлерди алып келди. Ал эми, алардын ибадатка бекемдиги, ибадатта өзгөчө тырышчаактыгы бар эле. Бирок, бул нерсе аларды адашуудан сактап кала албады. Ошондуктан ИЛИМ динибизде эң орчундуу жана олуттуу орунду тутат. Илимсиз инсан фикхти билбейт. Натыйжада динди өзүнө жана өзгөлөргө кыйын кылып коёт. Илимсиз инсан өзгөлөрдү туура жолдон аздырууга кызыкдар болгон түрдүү бузуку агым жана тайпалардын тузагына жеңил илинет. Неге дегенде, анда илим деп аталган иммунитет калыптанган эмес. Адашуудагы тайпалардын аят-хадистер менен көркөмдөлгөн чакырыгына каршы туура илимден куралаган бир коргонуучу куралы жок. Ошондуктан динибизде илим эң жогорку орунга коюлган. Маани бериңиз! Аллах Таала:

فَاعْلَمْ أَنَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ ۗ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مُتَقَلَّبَكُمْ وَمَثْوَاكُمْ ﴿١٩﴾

Билгин: чындыгында, Аллахтан башка кудай жок! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн, момун эркектердин жана момун аялдардын (күнөөлөрү үчүн) кечирим сура. Аллах силердин (бардык) кыймыл аракетиңерди жана (кыймылсыз турган) ордуңарды билет!” (“Мухаммад” сүрөсү: 19-аят).

Аятта жөн гана, “Аллахтан башка кудай жок!” деп айтылбады. Бул сөз ааламдагы эң улуу акыйкат. Ошол эң улуу сөздүн алдынан билим сөзү айтылууда. Бул болсо илимдин канчалык улуу орун тутуусун билдирет.

            Суфян ибн Уяйнадан илимдин артыкчылыгы жөнүндө сурашканда, ал киши жогорку аятты мисал келтирген экен, Аллах тааланын сөзүн илимден баштап, “Билгин: чындыгында, Аллахтан башка кудай жок! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн, момун эркектердин жана момун аялдардын (күнөөлөрү үчүн) кечирим сура!” дегенин укпадыңбы?! Карасаң, Аллах таала илимден соң амалга буюруп жатат го!, деди.

            Андыктан Имам Бухарий өзүнүн эң улуу чыгармасы болгон “Ал-Жаамиъус сахих”де “Илим китеби”н баштаарда “Бааб Ал-Илму коблал кавли вал амал” – “Илим сөздөн жана амалдан мурун жөнүндөгү бөлүм” деген тема менен ачат.

            Илимдин зарылдыгы суу жана аба сыяктуу балким андан да күчтүүрөөк. Себеби жогоруда айтылгандай, илимсиз адам канчалык ибадаткөй болбосун адашып кетүүсү турган сөз. Ошондуктан азирети Суфи Аллаяр өзүнүн “Сабаатул аажизийн” деген чыгармасында мындай деп айткан:

Акыйда билбеген шайтанга эл,

Эгер миң жыл ибадат кылса да жел. 

            Көпөгөн аяттар жана хадистерде динде аша чабуудан кайтарылган. Аалымдардын пикирине көрө, Ислам дини васатийлике (орто жолго) кызыктыруучу, орто дин. Ислам көрсөтмөлөрү инсандын муктаждыктарын эсептеп, салыштырып, денеге көңүл бөлүү, саламатчылыкка кароо сыяктууларга олуттуу маани бергенин жакшы билебиз. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп таалим берген:

 عن عبدالله بن عمرو بن العاص رضي الله عنهما قال: أخبر النبي صلى الله عليه وسلم أني أقول: والله لأَصومنَّ النهار، ولأَقومنَّ الليل ما عشتُ، فقال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ((أنت الذي قلت ذلك؟))، فقلت له: قد قلتُه، بأبي أنت وأمي يا رسول الله، قال: ((فإنك لا تستطيع ذلك، فصُم وأفطِر، ونَمْ وقُمْ، وصُمْ من الشهر ثلاثة أيام، فإن الحسنة بعشر أمثالها، وذلك مثل صيام الدهر))، قلت: إني لأُطيقُ أفضل من ذلك، قال: ((فصُم يومًا وأفطِر يومين))، قلت: إني لأطيق أفضل من ذلك، قال: ((فصم يومًا وأفطِر يومًا، فذلك صيام داود عليه السلام، وهو أفضل الصيام))، قلت: إن لأطيق أفضل من ذلك، فقال: ((لا أفضل من ذلك)).  رواه البخاري

Абдуллах ибн Амр ибн Ас (разияллоху анхума)дан риваят кылынат:

Менин: “Аллахка ант! Мен өмүр бою күндүз орозо кармап, түнү намаз окуймун”, деп айткан сөзүм Расуулуллах (соллаллоху адайхи ва саллам)га жетиптир. Анан Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): “Сен ушул сөздөрдү айттыңбы?”, деп сурады, мен ага: “Атам жана энем сизге садага болсун эй Аллахтын Элчиси, ооба ал сөздү айтканым чын”, деп жооп бердим. Ошондо ал: “Сенин ага күчүң жетпейт, ошондуктан орозо карма, бирок оозуңду ачып да жүр, намаз оку, бирок эс алып уктап да жүр. Ар бир айда үч күн орозо карма, себеби ар бир жакшылыкка он сооп берилет, ошондо сен жыл бою орозо кармагандай болосуң”, деди. Мен: “Мындан ашыкчасына да күчүм жетет”, десем: “Андай болсо, бир күн орозо кармап, эки күн оозуң ачык жүр”, деди. Мен: “Мындан ашыкчасына да күчүм жетет”, дедим. Ошондо ал: “Анда бир күн орозо кармап, бир күн оозуң ачык жүр, ушул Дауд алайхис саламдын орозосу”, деп айтты. Мен дагы эле: “Мындан ашыкчасына да күчүм жетет”, дедим. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Мындан ашыгы болбойт”, деди”.

(Имам Бухарий риваяты).

      Динде терең кетүүдөн жана аша чабуудан кайтарып Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) дагы мындай деди:

عن ابن مسعودٍ قال: قال رسولُ الله ﷺ: إياكم والغلو; فإنما أهلك مَن كان قبلكم الغلو ثم قال: هلك المُتنطعون قالها ثلاثًا رواه مسلم

Ибн Масъуд (разияллоху анху)дан риваят: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам):

“Динде аша чабуудан сак болгула! Себеби, силерден мурунку коомдорду кыйроого салган нерсе бул динде аша чапкандык болгон”. Соң, үч жолу: “Терең кеткендер кыйроого учурады”, деп айтты (Имам Муслим риваяты).  

            Арамды адал деп билүү, күнөөкөр адамды каапырга чыгаруу, Аллах Таала адал кылган нерселерди эч кандай шаръий далилсиз, маселен кашык менен тамак жешти же колго саат тагынууну мүмкүн эмес деп билүү да динде аша чапкандык болуп саналат.

Аша чабуу илимий жана амалий маселелерге гана таандык болбой, балким аяттын тафсирлеринде шарият максаттарына терс болгон пикирлерди баян кылуу да көрүнүшү мүмкүн. Маселен, инсандарды Аллах Таала мубах кылган (жасоого уруксат берген) нерселерден кайтаруу, аяттардын тафсирин кандайдыр бир пикир жана максатка ылайыкташтырууга урунуу сыяктуулар да динде аша чапкандыкка жатат.     Ошондой эле, бир инсанды мактаса, чектен чыгып, аны таптакыр маъсум (күнөөсүз) деп аша чабуу же бир адамды жамандамакчы болсо, чектен чыгып аны таптакыр кордоп салуу да аша чапкандыкка жатат.

            Динде аша чабуунун эки түрү бар: Биринчиси, акыйдада аша чабуу болуп, бул өтө коркунучтуу деп саналат. Ахли сүннөт вал жамааттан ажырап чыккан түрдүү фиркалар, адашуу баткагына баткан жамааттар, Аллах Тааланын ысым жана сыпаттарында жана ибадатта Анын жалгыздыгында аша чабууга баргандар, Ахли байт (Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам)дын урпактары) мүчөлөрү жана сахабалар жөнүндө аша чабууга баргандар, жол башчы имамдарды күнөөдөн таза-аруу деп ишенүүчүлөр.  Экинчиси, амалий сүрөттө аша чабуу болуп, дайыма орозо кармоону өзүнө важиб кылып алуу. Үйлөнбөскө ант ичүү, түнү бою уктабай ибадат кылууга берилүү, эт жебестикти максат кылуу сыяктуулар.

            Аллах Таала аша чабуудан кайтарып, дагы мындай деген:

قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ لَا تَغْلُوا فِي دِينِكُمْ غَيْرَ الْحَقِّ وَلَا تَتَّبِعُوا أَهْوَاءَ قَوْمٍ قَدْ ضَلُّوا مِنْ قَبْلُ وَأَضَلُّوا كَثِيرًا وَضَلُّوا عَنْ سَوَاءِ السَّبِيلِ ﴿٧٧﴾

“Айткын: “О китеп ээлери! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла, мурдагы чыныгы жолдон адашкан жана көптөгөн адамдарды адаштырган, ошондой эле Туура жолдон тайган коомдун кызыкчылыгын ээрчибегиле”

 (“Мааида” сүрөсү, 77-аят).

            Аяттагы кайрылуу сыртынан китеп ээлерине багытталган болсо да, негизинде анын мааниси жалпылык түрдө. Тагыраак айтканда, бул орунда кайрылуу китеп ээлерине каратылган экен, биз мусулмандарга ээн-эркин аша чабууга барсак боло берет, деген тескери маани чыгарбас керек.  Себеби, усулул фикх (фикх усулдары-негиздери) илиминен маалым болгондой, шаръий далилдердеги көңүл бурулуусу керек болгон нерсе, сөздүн жалпылай түрдө айтылганы эсепке алынат, анын өзгөчөлүгү эмес. Тагыраак айтканда, бир аят же хадис кайсыдыр себеп аркылуу түшүрүлгөн жана айтылган болуусу аны жалаң ошол абалга гана чектеп койбойт, балким андагы маани-мазмун өз ичине алган бардык абалдарга да таандык болот. Андыктан жогорудагы аятта кайтарылып жаткан аша чабуу маселеси, баарына таандык.  

Динде аша чабуунун айрым себептери

            Динде аша чабууга бир катар себептер бар болуп, алардын баары шариятка терс болгон көрүнүштөр. Төмөндө аша чабууга себеп боло турган нерселер жөнүндө кыскача сөз жүргүзөлү:  

Биринчи себеп. Бардык оорулардын башы болгон наадандык. Тагыраак айтканда, билимсиздик. Аллах Тааланын Кураны жана Пайгамбардын (соллаллоху алайхи ва саллам) сүннөтү, мурунку өткөн салих аалымдардын жолу, шарияттын максаттарын, коомчулукка пайдалуу болгон тартиптерди, кайрыдин, фасык (бузуку), мунафык (эки жүздүү), бидъатчы жана мусулман кишиге таандык эрежелерди билбестик.  Ушундан келип чыгып, өз убагында хавариждер күнөөкөрлөрдү куфрда (каапырлыкта) айыпташкан. Хавариждер маселесинин негизги тамыры ортолуктан чыгып, динде аша чабууга барып такалат. Алардын жолдон азып, адашууга кетүүсүнө себеп илимсиздик, туура эмес аң-сезим менен бир катарда динге карата чектен тышкары жанкүйөрлүк, ашыкча кайрат жана тайманбастык эле. Чектен ашкан ар бир нерсе тескерисине айланат дегениндей, хавариждердин динге өтө жанкүйөрлүгү жана кайра тартпастыгы жадагалса өз жолуна жүрбөгөн сахабаларды өлтүрүүнү сооп деп билүүгө жана бул ишти Аллахка жакындаштыруучу жакшы амалдардан деп эсептөөгө алып келди. Чоң күнөө кылгандарды каапырлыкка чыгарышты. Хавариждердин кээ бир тайпалары жадагалса кичине күнөө себептүү да адамды каапырга өкүм кылып жиберишкен. Азирети Алини, Усманды, Талханы, Зубайрды жана Муъавияны (Аллах алардан ыраазы болсун!) жана азирети Али менен Муъавияны ээрчиген же болбосо аларды каапырга чыгарбагандардын баарын каапыр деп жарыя кылышты. Соң аларга каршы согуш ачып, алардын малын жана жанын адал деп билишти. Хавариждер өздөрүнүн илимсиздиктери себептүү Куран аяттарын туура эмес чечмелешет болчу. Жалпылык маанидеги аяттарды сырткы маанисине карап, аларды атайын жеке адамдарга тийиштүү деп эсептешээр эле.

Экинчи себеп. Аалымдардан жүз үйүрүү, алардан алыстоо, алар менен алакада болуудан качуу. Аалымдардын илиминен пайдаланбаган тайпалар албетте туура жолдон адашып чектен чыгууга барышат жана динде аша чабып кетишет.   

Үчүнчү себеп. Шариятка тийиштүү эреже-мыйзамдарга таандык маанилерди өзгөртүү же аларды туура эмес чечмелөө, бардык далилдерди чогултпастык, балким бир далилди гана колдоп, экинчи далилди көңүлгө албастык.  Бул айрыкча аша чабууга барган хавариж жана муътазилий сыяктуу агымдардын тарапташтарында даана көрүнөт. Алар азап жөнүндөгү далилдерди кабыл кылышат, бирок сүйүнүчтүү жана Аллахтын ырайымдуулугунан үмүттүү болуу жаатындагы далилдерден таптакыр жүз үйүрүшөт.

Төртүнчү ебеп. Баамдоо-түшүнүк жана фикх илимин толук окубагандардын чоң аалымдарга кайрылуунун ордуна аят жана хадистердин сырткы маанисине ылайык иш тутуулары. Булардан сырткары ижтихад кылууга ылайык болбогондор тарабынан ижтихад кылуу, талаштуу маселелер, фитналарга тийиштүү хадистер менен гана алек болуу, жекелик кек сактоолорго ылайык пикир жүргүзүү, нафс жана негизсиз максаттар айланасында талашып-тартышуу, тайпаларга бөлүнүү, улутчулдук, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтарууну таштоо, диндарлар жана аалымдарды урмат кылбастык, мыйзамдын үстөмдүүлүгүнүн жоголуусу, ахлаксыздык жана уятсыздык сыяктуулардын баары коомчулукта диний аша чабууга себеп болуусу мүмкүн. 

             Ислам шарияты жеңилдик жана оңтойлукка негизделген болуп, алар эч качан үммөттү оор жана машакаттуу амалдарга жана жолдорго чакырбайт, балким жеңил жана оңой амалдарга үндөйт. Аллах таала бул жөнүндө мындай дейт:

… يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ…. ﴿١٨٥﴾

“… Аллах силерге жеңилдикти каалайт, оорлукту каалабайт…”.

(Бакара сүрөсү, 185-аят). 

      Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) да сүйүнүчтүү кылып айткан: “Мен (наадандык жана аша чабуудан таза болгон) боорукеңдик жана айкөлдүк дини менен жиберилдим” (Имам Ахмад риваяты).

Төмөнкү айтыла турган нерселер да динде аша чабуудан деп эсептелет:

Биринчиси. Нафлдарга катуу киришип, аялынын жана балдарынын, кошуналарынын акысына кайдыгер болуу.

عَنْ أَنَسٍ رَضِي اللهُ عَنْهُ قَالَ: جَاءَ ثَلَاثَةُ رَهْطٍ إِلَى بُيُوتِ أَزْوَاجِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَسْأَلُونَ عَنْ عِبَادَةِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ، فَلَمَّا أُخْبِرُوا كَأَنَّهُمْ تَقَالُّوهَا، فَقَالُوا: وَأَيْنَ نَحْنُ مِنَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ، قَدْ غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ وَمَا تَأَخَّرَ، فَقَالَ أَحَدُهُمْ: أَمَّا أَنَا فَإِنِّي أُصَلِّي اللَّيْلَ أَبَدًا، وَقَالَ آخَرُ: أَنَا أَصُومُ الدَّهْرَ وَلَا أُفْطِرُ، وَقَالَ آخَرُ: أَنَا أَعْتَزِلُ النِّسَاءَ فَلَا أَتَزَوَّجُ أَبَدًا، فَجَاءَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِلَيْهِمْ، فَقَالَ: أَنْتُمُ الَّذِينَ قُلْتُمْ كَذَا وَكَذَا، أَمَا وَاللهِ إِنِّي لَأَخْشَاكُمْ ِللهِ وَأَتْقَاكُمْ لَهُ، لَكِنِّي أَصُومُ وَأُفْطِرُ، وَأُصَلِّي وَأَرْقُدُ، وَأَتَزَوَّجُ النِّسَاءَ، فَمَنْ رَغِبَ عَنْ سُنَّتِي فَلَيْسَ مِنِّي. رَوَاهُ الشَّيْخَانِ وَالنَّسَائِيُّ.

Анас разияллоху анхудан риваят кылынат:

«Үч кишилик топ Набий (соллаллоху алайхи ва саллам)дын жубайларынын үйүнө Набий (соллаллоху алайхи ва саллам)дын ибадаттары жөнүндө сурап келди. Анан аларга (бул жөнүндө) кабар берилгенде алар Пайгамбарыбыз )соллаллоху алайхи ва саллам)дын ибадатын өздөрүнчө аз деп санашты. Соң алар:

“Биз кайда, Набий (соллаллоху алайхи ва саллам) кайда, ал заттын мурдакы кийинки күнөөлөрү кечирилген го…”, дешти.

Алардан бири:

“Мен өмүр бою түнү намаз окуу менен өтөмүн” деди. Наркысы болсо:

“Мен өмүр бою орозо кармаймын, ооз ачык бойдон жүрбөймүн”, деди. Дагы бири:

“Мен аялдардан өзүмдү тартамын, түбөлүк үйлөнбөймүн”, деди.  

Расуулуллох (соллаллоху алайхи ва саллам) алардын жанына келип:

«Тигиндей – мындай деп айткан силерби?! Аллахка ант ичемин, мен силердин араңарда Аллахтан көбүрөөк коркуучуңармын жана Ага эң такваадарыңармын. Бирок мен орозо кармаймын, ошону менен бирге оозум ачык да болот. Намаз да окуймун, уктап эс да аламын, аялдарга да үйлөнөмүн. Демек, ким менин сүннөтүмдөн баш тарса, ал менден эмес”, деди”. Имам Бухарий, Имам Муслим жана Насаий риваяты.

Экинчиси. Кай жерге барса динде жок же мустахаб болгон амалды адамдарга фарз же важиб даражасына чыгарып аны кылууга кызыктырат. Маселен имам намазды бүтүргөндөн соң каалаган тарабы менен калкка жүздөнүүсү мүмкүн. Аша чабууга баргандар болсо ушуну да бөрттүрүп жалаң оң тарабы менен гана бурулуусу шарт деп туруп алышат. Аллах Таала мусапырга намазды эки рекет кылып окууга уруксат берсе, өзүн такыбадар кылып толук окууга аракет кылат. Ал эми Аллах таала пенделерине фарз кылган амалдарды кылгандарды жакшы көргөнүндөй, берген уруксаттарга амал кылгандарды да жакшы көрөт.  Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мусапырга кыскартып окууну Аллахтын белеги деген. Андай “такыбалык”ты доо кылуучулар болсо куду Аллах Таалага “белегиң керек эмес” дегендей мамиле кылышат.

Үчүнчүсү. Азгырыкка (васваса) түшүп калган кишилер. Алар өздөрүнчө күмөндөрдөн такыба кылабыз деп азгырыкка дуушар болушат. Аллах Таала “Анык нерсе шек менен жокко чыкпайт” деген бир эрежени айтып койгон. Маселен даараты бар адам “дааратым жок бекен” деп экиленүүсү менен даарат кетпейт. Мындай кишилерге шайтан башчы болуп алып, аларды каалаган көйгө салат. Рашид Гангухий (рахматуллохи алайхи) бир жолу даарат алып болгонумдан кийин балан жайыма суу жетпей калды окшойт деген кыял келди. Дилимди тынчтандыруу үчүн ошол жайды жуудум. Эми кетейин дегенимде балан жайга да суу жетпей калды бекен деген кыял келди. Ал жерди да жуудум. Карасам дагы ой келди, ошондо бул шайтандын азгырыгы экендигин түшүндүм да шайтанга карата “сенин оюңча дааратым жок болсо да менимче бар, сен айткандай дааратсыз болсом деле намаз окуй беремин” деп ага көңүл бурбай койдум. Эгер дагы бир жолу анын айтканына киргенимде өмүр бою бул азгырыктан кутула албай калат болчумун – деген.

Төртүнчүсү. Ар бир нерсенин түбүнө жетемин деш да аша чабуу. Кээ бир кишилер айылдын бир адамы зыяпатка чакырса эти таза бекен деп түбүнө жетүүгө аракет кылат. Мусулман айыл, мусулман адам болгондон соң жакшы күмөнгө барып, берген тамагын жей бериш керек. Устаздар ким зыяпатка чакырса барып анын койгон тамагын жей беришкен, тамакты кай жерден тапкандыгынын түбүнө жетүүгө аракет кылышкан эмес. Албетте эл ичинде сүткордук, паракордук, арамдан акча табуучулугу ашкере болсо чакырыгына жооп иретинде барып, насаат кылып, укуктар жөнүндө түшүнтүрүп, тамагынан жешкен эмес.

Бир күнү Умар ибн Хаттаб жана Амр ибн Ас разияллоху анхумалар чөлдө бара жатып бир авузга (жасалма көл) жолугушту. Амр ибн Ас авуз боюнда отлтурган кишиге карап: “Эй авуздун ээси авузуңа жырткычтар да келеби” деп сурады. Ал бул суроосу менен жапайы жаныбарлардын шилекейи нажас, алар тумшугун салып суу ичишкен болсо суу нажас болот дегенсиди. Ал киши жооп бере электе Умар разияллоху анху “Эй авуз ээси бизге аны айтпай эле кой” деди. Муну шарият авуздан суу ичүү жана даарат алууга уруксат бергенинен кийин жырткыч келген, анын шилекейи сууга түшкөнүн сураштырууга кажет жок.

Албетте адамдар европадагыдай жаныбарларды “Бисмиллах”ты айтпастан союуга адаттанган болсо, аларды адал жол менен союлганын аныктап алуу важиб. Ал эми негизинен таза болгон жашылча, жер-жемиштерди болсо Аллах Таала таза кылып койгон ага анык далил менен кимдир нажас аралаштырбаганын билбесе жешке уруксат.

Бешинчиси. Ижтихаддуу маселелерде терең кетпестик керек. Кээ бир ушундай маселелер бар фарз, важиб, арам болот. Фарзды таштаган жана арамга кол ургандарга көз жумуп коюлбайт. Бирок кээ бир маселелер бар, кээ бир факих аалымдар уруксат десе кээ бирөөлөрү уруксат эмес дешкен. Бири бир хадисти карманып сүннөт десе экинчиси башка хадисти карманып сүннөт эмес деген.  Бир факихтин сөзүн алган адам башка факихтин сөзүн алган адамды башына урбас керек. Маселен ханафийлерде деңиз жаныбарларынан балыктан башкасы адал эмес. Шафиъийлерде болсо деңиз чочкосу да адал. Ханафий мазхабын карманган адам Шафиъий мазхабында болуп деңиз жаныбарларынан балыктан башкасын жеп жаткан болсо сен арамкорсун деп аны башына урбаш керек. Албетте ханафиймин деп доо кылып деңиз таш бакасын жеп жаткан кишиге мазхабыбызда уруксат берилген эмес деп гана айтуу керек.

Алтынчысы. Кайтаруу да амалдардын даражасына көрө болушу керек. Арам ишти кылып жатканды кайтаруунун даражасы башка, макруху тахримийди (арамга жакын макрух) кылып жаткандын даражасы башка, абзелди кылып жаткандын даражасы башка болушу керек. Бир адам кандайдыр бир себеп менен баш кийимсиз намаз окуса болот, бирок адатта баш кийим кийип жүрүп намазга келгенде баш кийимсиз окуусу макруху танзихий (адалга жакын макрух). Баш кийимсиз намаз окуп жаткан адамга макруху тахримийди же арамды кылган кишиге берилчү жазаны берүү, катуу сөз айтуу жана ага кополдук кылуу бул динде аша чабуу делинет. Биздеги жаңжал-тополоңдордун негизги себеби да амалдарды жана ага берилүүчү сыйлык же жазанын даражаларын билбестигибизде. Канча-канча молдолукту доо кылуучулар талаштарды илимий жол менен чечүүнүн ордуна амал кылуучулардын амалдарын макруху тахримийге чыгаруу менен чечмекчи болушат. Аларды ээрчигендер болсо ал амалдарды арам даражасына жеткиришет. Натыйжада бирин бири фасыктыкка дагы да динден кабарсыздары каапырга чыгарууга чейин жетип барышат. Азырга чейин сол колунда чайнекти кармап чай куйган адам элибиздин арасында чыныга түкүрүп чай узаткандай катуу алынат. Ал эми даарат алып жаткан адам сол колунда кумганды кармап оң колунда оозуна суу алат го. Калаберсе сол колдон пайдалануудан шариятта кайтарылган эмес. Момун кишинин өзүн өзү бир нерселерге мажбурлоого кажет жок. Куду ушундай эле кээ бир кишилер дин илимин окуса да динди туура баамдай алышкан эмес мустахаб, сүннөт амалдарды калкка важиб жана фарз даражасында кылып түшүнтүрүшөт. Намаз окубайт, зина кылат, пара алат, жетимдин акысын жейт, мусулмандардын дилине ызаа берет, тойдо болчу же өлүмдөн кийин болчу динибизде болбогон амалдарды “кылбаса болбойт” деп фарз даражасына көтөрөт. Кылбагандарды ушактайт, жадагалса ошол иштерди деп перзенттерин ак кылгандар канча. Турмуш жолдошун итке минген кедей кылган аялдар канча?!

Динди туура баамдоо дин аалымдары, илимине амал кылуучу машайыктардын маегинен үйрөнүлөт.

Корутунду  кылып айтчу болсок, Ислам дини бөлүнүүдөн жана бөлүүдөн алыс болгон орто дин болуп, ар бир иште ортолука кызыктырат, динде чектен ашуу жана аша чабуудан кайтарат. Мусулмандарды өз-ара мээримдүү, боорукер жана сүйкүмдүү болууга чакырат. 

Даярдаган: Абибилла ажы Кадырбердиев

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы