Кадыр ажы Маликов: Муфтият сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ)ды адепсиз карикатуралар менен кордогонун расмий айыптайт

Муфтият ырайымсыз зордук-зомбулукту жана терроризмдин ыкмаларын айыптайт жана каралайт! Бирок, ошол эле учурда биз дүйнө жүзү боюнча миллиарддан ашуун мусулмандардын диний сезимдерин жана ыйык жайларын мазактоого жол берилгис деп эсептейбиз!

Исламга карата мындай позиция чагымчыл мүнөзгө ээ жана сөз эркиндигине эч кандай тиешеси жок деп эсептейбиз. Бирок,  маданияттар аралык диалогду бузат, исламофобияга, экстремизмге жана конфессиялык жек көрүүгө үндөйт!

Цивилизациялардын диалогу, ниеттердин тазалыгы, мыйзамдар жана укуктар алдындагы теңдик  өз ара урматтоосуз мүмкүн эмес! Тилекке каршы, биз жакында кош стандарттуу саясатты байкадык. Бир жагынан сөз эркиндигинин алдында мусулмандардын да, христиандардын дагы, жөөттөрдүн дагы ыйык сезимдери бардык пайгамбарлардын карикатуралары аркылуу кордолуп келет. Экинчи жагынан, холокост же ЛГБТ маселелерин шылдыңдоого тыюу салынган. (ЕСтин көптөгөн өлкөлөрүндө кылмыш жоопкерчилиги бар).

Дүйнөдө исламофобиянын күч алышын, диний символдорго жасалган кол салууларды жана мазактоону эске алуу менен КМДБ диний символдорду жана динге ишенгендердин сезимдерин кордоого жол бербөө жөнүндө мыйзам иштеп чыгууга чакырат.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Кадыр ажы Маликов