Мусулмандын сабыр кылуусу

Сабыр-сөздүктө жолтоо болуу, тоскоол болуу, камакка алуу, күчтүү жана чыдамкай болуу маанисиндеги “сабыр” сөзүндөн келип чыккан. Терминологиялык мааниси болсо- кайгыруу, башыбызга келген балээлерге чыдамкайлык көрсөтүү деген маанини туюндурат.

Сабыр үч түрдүү болот. Алардын эң маанилүүсү күнөө кылбоого сабыр кылуу. Хадиси шарифте мындай деп айтылган: 

«Сабыр үч түрдүү болот:

 1. Кайгы дартка сабыр кылуу

2. Динин үйрөнүүдө жана ибадат кылууда сабыр

 3. Күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу.

Кайгы дартка сабыр кылган адамга 300, ибадат кылууга сабырга 600, күнөө кылбоого сабыр кылууга 900 даража жакшылык берилет” (Абушшейх)

САБЫР ТУУРАЛУУ КӨПТӨГӨН АЯТТАРДА ДА АЙТЫЛГАН:

«Сабыр кылгандарга эсепсиз жакшылыктар берилет.” [Зумар 10]

«Эй, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Аллаху таала, албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот.” [Бакара 153]

«Эй, Расулум, каапырлардын кыйынчылыктарына “Улул-азм” пайгамбарлар сыяктуу сабыр кыл.” [Ахкаф 35]

САБЫР ТУУРАЛУУ ХАДИСИ ШАРИФТЕР:

«Хак таала сүйгөн кулуна кайгы дарт берсе, ал адам да ага сабыр кыла турган болсо андан ыраазы болот.” [Дайлами]

«Жаман кошунанын кыйынчылыктарына өлгөнгө чейин сабыр кылган адамды Аллаху таала сүйөт.” [Хаким]

«Аллаху таала айтты: «Кимдин денесине, бала-чакасына, мал-мүлкүнө балээ келсе, ал адам да эң жакшы сабыр кыла турган болсо Кыяматта ал адамдан эсеп суроодон тартынам.” [Хаким]

«Хак таала өзүн өзү сабыр кылууга кыйнаган адамды бул иште ийгиликке жеткирет.” [Бухари]

«Сүйбөгөндөрүңөргө сабыр кылмайынча сүйгөндөрүңөргө жете албайсыңар.” [Маверди]

«Кыйынчылыкка сабыр кылып, башка түшкөн дартты башкалардан жашыра билүү жана эч кимге даттанбоо – бул адамдын Аллаху тааланы жакшы тааныгандыгынан.” [И.Газали]

«Эң жогору ибадат – кыйынчылыктарга сабыр кылуу” [Тирмизи]

«Жашоо кыйынчылыгына сабыр кылган адамды Аллаху таала Фирдаус Бейишине киргизет.” [Эбушшейх]

«Эки көзүнөн айрылган адам ага сабыр кыла турган болсо Бейишке кирет.” [Хатиб]

«Момундун куралы – сабыр жана дуа.” [Дайлами]

«Аллаху таала айтты: «Менин өкүмүмө ыраазы болбогон жана Мен берген кыйынчылыкка сабыр кылбаган адам Менден башка Рабби издесин.” [Табарани]

Адам баласы шүгүрчүлүк жана сабыр кылуу менен гана көптөгөн нерселерге жтише алат. Анткени сабырдуулуктун эң жагымдуу жана таттуу мөмөсү инсанды “Таква”деген даражага жетелейт.

Аллах Таала баарыбыздын жашообузга сабыр жана шүгүр кылууну насип кылган болсун!

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев