Ош шаарындагы “Нур-Ислам” мечити жылуулук менен камсыздалды

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казыятына караштуу “Нур-Ислам” мечитинин имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов мечит кыш мезгилине даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, мечиттин ичи жылуу пол менен камсыздалып, көмүрдүн ордуна газ менен жылытууга өтүштү.

“Биз ушул убака чейин кыш мезгилдеринде көмүр аркылуу жылуулукту камсыздап келгенбиз. Бул жылы жылуулук берүү системасын газга өткөрүп алдык. Анткени көмүргө караганда бир топ эле үнөмдүү жана бат жылытат экен”, деди Абдулазиз ажы.