Ысык-Көл облусунда диний кырдаал талкууга алынды

Кечээ, 26-октябрда Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Каракол шаарындагы облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан уюштурулган экстремизм менен терроризмдин  алдын алуу боюнча тегерек столго катышты.

Ага облус аймагындагы диаспоралардын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, Мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Айбек Майрыков жана Ысык-Көл облустук ИИБнын  Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Арсен Самаев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө көп улуттуу болуп саналган  Ысык-Көл облусундагы диаспоралар ортосунда ынтымакты бекемдеп, чагымчылдыкка алып келе турган жагдайларды жоюу боюнча талкуу болду.

Ага ылайык жыйындын катышуучулары көтөрүлгөн маселелер тууралуу өз ойлорун билдиришип, сунуштарын  ортого салышты.

Облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков жыйын учурунда бүгүнкү күндө коомчулуктагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн үй-бүлөдөгү таалим-тарбиядан баштоо керектигине токтолду.

«Бүгүнкү  күндө коомчулук көйгөй катары көтөрүп жаткан ар бир  маселе түздөн-түз тарбияга байланыштуу. Мындан улам  келечек-муундун өкүлдөрүнө жаштайынан туура таалим-тарбия беришибиз керек. Эгер коомду оңдогубуз келсе биринчи өзүбүздөн баштайлы. Мисалы учурда миграция маселеси  өтө курч бойдон турат. Ата-энеси алыска иштеп кеткен балдар, айрым учурда кароосуз калууда. Ошол себептен  ата-энелер чүрпөлөрүнүн  бир эле материалдык  муктаждыгын жоюп бербестен,  руханий жагынан да азыктандыруусу керек», -деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.