Ноокен районундагы “Орозали калпа” мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында жайгашкан «Орозали калпа» жума мечити капиталдык ремонттон өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди. 

Анын айтымында, мечиттин оңдоп-түзөө иштерине кеткен каражат  Сауд Араб Падышачылыгынын  демөөрчүлөрүнүн жардамы жана жергиликтүү жамааттын колдоосу менен ишке ашырылган.

«Мечитке кошумча сабак өтүлүүчү бөлмөлөр, дааратканалар толук шарты менен жаңыланды. Мындай ишке салым кошкон боордош араб бир туугандарыбызга, жардамга келип, усталарга тамак-аш тарабынан жардам берген жергиликтүү жамаатка терең ыраазычылык билдиребиз”, деди баш имам хатиб.