Бишкектин Борбордук мечитинин кызматкерлери диний билимин жогорулатуу максатында атайын окуудан өтүшүүдө

Кечээ, 26-октябрдан тартып Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиевдин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаардык Борбордук мечиттин кызматкерлеринин диний билимин жогорулатуу максатында атайын окуудан өтүшүүдө.

Окуу сабагы эзелтеден бери ата бабаларыбыз окуп келген «Мухтасар-ул викоя» китебинен башталды.

«Эң алгач диний кызматкерлердин диний деңгээлин, билимин бекемдөө максатында биздин «Маваран-нахр» аймагында кенен жайылып, окутулуп келген «Мухтасар» китебинен кайталоо сабактарын баштадык. Бул сабактар жумасына бир ирет өткөрүлөт. Буюрса пайдалуу болот деп үмүт кылабыз»,- деди Замир кары.