Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллах Тааланын аты менен баштаймын. Аллах Таалага эсепсиз мактоолорду айтып, пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага салам-салават жолдоймун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Динибиздин аты айтып тургандай, Ислам – бул, тынчтыктын дини. Ислам дининде пенденин моюнуна жүктөлгөн ибадаттардын баары адамдарды биримдикке, ынтымакка тарбиялайт. Адам жеке өзүнүн кызыкчылыгын эмес, коомдун кызыкчылыгын алдына коюусу керектигин үйрөтөт. Алсыздарга жардам берип, жакырларга кол созууга, жыгылганды тургузуп, чалынганды жөлөгөнгө, адашканга жол көрсөтүп, жаңылганды түзөгөнгө чакырган, ошого шыктандырып, ошого үндөгөн улуу дин.
Ислам жалаң гана мусулмандар арасында эмес, башка дин өкүлдөрү менен да ынтымакта жашоону осуят кылган дин. Адам баласы ары турсун, жан-жаныбар, бак-дарак, тоо-таш,
кыскасын айтканда, бүтүн жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырган дин.
Динибизде улутка, урууга, жердешчиликке, айылга, шаарга, көчөгө карай бөлүнүү деген түшүнүк жок. Тилекке каршы, кой аксагы менен миң дегендей, кээ бирлер Жалгыз Жаратуучуга ибадат кылып, бир кыбылага жүздөнүп, бир пайгамбардын жолун тутуп жатканына карабастан, өз ара бөлүнүп-жарылууга жол ачып, элдин динге болгон ишенимине, тынчтыгына доо кетирүүдө. Албетте, бул диндин каталыгы эмес, алардын жеке пенделик каталыгы. Бирок, бөйрөктөн шыйрак чыгарууну каалап, жумурткадан кыр издегендер мындай адамдардын кылыгын динге шылтап, динди жаман көрсөтүүгө шашылышат. Терроризм, экстремизм ж.б. Исламга түк коошпогон аттарды жабыштырышат.
Урматтуу мусулман бир туугандарым!
Ислам дини дин болуп жайыла баштаган күндөн тартып бузкулукка, коомго бүлгүн салган жаман иштерге каршы турган. Пайгамбардын моюнуна жүктөлгөн эң биринчи озуйпа
— адамдардын ишениминдеги бузукулукту жоюу, тагыраагы, жаратылган нерселерге сыйынуу ишениминен Жаратуучуга сыйынуу ишенимине буруу болгон. Ал адамдардын канына
сиңген эски, терс адаттарды, үйүттөрдү жана жаман мүнөздөрдү жоюп, таза, аруу ишенимде, жакшы кулк-мүнөздө болууга үндөгөн. Бири-бирин жакшы ишке үндөп, жаман иштен
тыюуга чакырган.
Жер бетине бүлгүн салуу, бузукулук таратуу же бүгүнкү күндүн тили менен айтканда террористтик иштерди жүргүзүү – бул бузуку, динсиз адамдардын иши. Мындай адамдар
коомдо баш аламандык өкүм сүрүүсүн каалайт. Ошол аркылуу өздөрүнүн кызыкчылыгына жетүүнү көздөйт. Аларга коомдо күчтүүлөр алсыздарды кордоп, чоңдор кичинелерди тоноп,
байлар кедейлерди жеп, байлардын байлыгы артып, кедейлер андан да итке минген жакыр болуп, башаламан жашоо болгону пайдалуу.
Сүйүктүү бир тууганым!
Ислам – адамдардын ортосундагы ынтымакты бекемдеп, бөлүнүп-жарылуу, бүлгүн салуу, бузукулук кылуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү жок кылууга негизделген улуу дин. Кудай
Таала жиберген бардык элчилердин пайгамбарлык озуйпасы ушул. Бардык пайгамбарлар элди ушуга чакырган. Алсак, Шуаьйб пайгамбардын (алейхис салам) коомуна кайрылып:
“Мен колумдан келишинче араңарды бириктирүүнү каалаймын” — деп айтканы Куранда келет (Худ сүрөсү, 88-аят).
Муса пайгамбар (алейхис салам) бир тууганы Харунга кайрылып: “Мен келгенче коомумду башкарып тур, алардын арасын бириктир, бузукулардын жолуна ээрчип кетпе!”
– деп суранат (Аьраф сүрөсү, 142-аят).
Жер бетине бузукулукту жайылтпоого буйруп, касиеттүү Куранда Аллах Таала: “Жер бети оңолгондон кийин анда кайра бузукулукту таратпагыла!” – деп тыйган (Аьраф сү-
рөсү, 56-аят).
Аллах Таала бузукулукту жана аны жайылтуучу адамдарды жаман көрөрүн билдирип, Курани Каримде мындай адамдар тууралуу кабар берген: “Ал жер бетинде жүрсө, бузуку-
лукту таратып жүрөт, эгин-тегин, урук-урпакты жок кылат, Аллах мындай бузукулукту жакшы көрбөйт” (Бакара сүрөсү, 205-аят).
Дагы бир аятта: “Сага Аллах жакшылык кылган сыяктуу сен да жакшылык кыл, жер бетинде бузукулук кылба, чынында Аллах бузукуларды жакшы көрбөйт” – деп, пенделерди элге жакшылык кылууга чакырып, эл арасына бүлгүн салуудан тыйган (Касас сүрөсү, 77-аят).
Биз жогоруда бузукулук деп айтып жаткан терроризм, эл арасына бүлгүн салуу, коомго зыян берүү бир эле түр менен чектелбейт. Мунун түрү өтө көп:
Биринчиси: Коомго тиешелүү, элге пайдасы тийчү нерселерге зыянын тийгизүү. Башкача айтканда, бак-дарактарды кыйып, сууну булгап, таза табиятты бузуу. Ошондой эле коомго тиешелүү, же жеке адамга тиешелүү нерсени уурдап, алдап, коркутуп тартып алуу, каракчылык сыяктуу жаман иштер. Ушундай иштердин баары жер бетинде бузукулук тара-
туу болуп эсептелет жана Аллах Таала мына ушундан тыйылууга буйруган. Мындай адамдардын жазасы тууралуу касиеттүү Куранда мындай деген: “Аллахка жана Анын Элчисине
согуш жарыялагандар, жер бетинде бузукулук кылгандар, мындайларды өлтүрүү жана асуу, же болбосо буту-колун кайчылаш кесүү керек, же жашаган жеринен сүргүн кылуу
керек. Бул алардын ушу дүйнөдөгү жазасы, а акыретте болсо аларга катуу азап бар” (Мааида сүрөсү, 33-аят).
Экинчиси: Коомго, айрыкча, мусулмандарга терс кылык-жоруктарды жайылтуу. Учурда атайын эл ичин бузуу, элди бөлүп-жаруу үчүн иштеген уюмдар бар. Булар тымызын дагы,
ачык-айкын дагы өздөрүнүн бузук иштерин жүргүзөт. Улуттун кызыкчылыгына, динине, каадасына каршы нерселерди бат-баттан чыгарып турушат. Укук деген сөздү туу кылып, аял-
дардын, балдардын, жарды-жарчылардын “укугун” коргойбуз деген шылтоо менен эл арасына бүлгүн салууну көздөшөт. Аялдарды жылаңачтанууга, төрөбөөгө, үйдө отурбоого ж.б.
нерселерге үндөп, улуттун келечегин жок кылып, тукумун курут кылууга аракеттенишет. Булар бала бакчаларды, жеке менчик мектептерди куруп, жогорку окуу жайларына аралашып, кыскасы, улутка каршы иштей турган бардык кесиптин ээлерин даярдашат. Булардын чөйчөгүнөн суу ичкендин баары өзүнүн кылып жаткан жаман ишин моюнга алгысы келбейт жана эл үчүн пайдалуу иш кылып жатам деп эсептейт. Булар тууралуу касиеттүү Куранда минтип айтылат: “Эгер аларга жерде бузукулук таратпагыла десең, биз жакшылык таратуучуларбыз дешет. Жок, алар анык бузукулар бирок, анысын өздөрү да би-
лишпейт” (Бакара сүрөсү, 11-12-аяттар).
Үчүнчүсү: Тынч жаткан элдин, мекендин тынчын алуу. Жашаган жери тынч болуп, бейпил жашоо өткөрүүнү ар бир адам каалайт. Элдин тынчын алып, саясий болобу, социалдык
болобу, айтор, түрдүү көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, кайра-кайра элдин тынчын алып, улут аралык, аймактар аралык, диний көз караштардын арасында келишпестиктерди пайда кылып, өз ара бөлүнүп-жарылууга, согушууга үндөгөн жеке жана топтордун баары жер бетинде бузукулук таратуучулар болуп эсептелет.
Төртүнчүсү: Терроризмдин ачык түрү б.а. адамдарды ачык-айкын өлтүрүү. Исламда бир мусулманды өлтүрүү – бүт дүнүйөнүн кыйроосунан да оор маселе. Азирети Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам жана салаваттары болсун): “Мусулман адамды өлтүрүүгө караганда, дүйнөнүн кулап түшкөнү Аллахка жеңилирээк” — деген (Имам Тирмизи).
Даярдаган: Абдишүкүр ажы Нарматов