Акыркы элчини таануунун зарылдыгы

Бүткүл ааламдын жаратуучусу болгон Алла Таалага мактоолорду айтып, анын акыркы элчиси жана сүйүктүү пайгамбары болгон Мухаммадга (саллаллоху алейхи ва саллам)
Алла Тааладан дуба тилеп, салават жолдоо менен сөзүбүздү баштайбыз. Албетте, Ислам дини жер бетинде калыптангандан тарта, ал тургай Исламдын оболку күндөрүнөн тарта эле адамзатын эки дүйнө бактылуулугуна жеткирүүчү жолду түшүндүрүп, көрсөтүп келет. Демек, Ислам жолу Алла Тааладан жалпы адамзатынын эки дүйнө бактылуулугу үчүн берилген ыйык жана улуу жол. Айта кетсек, ар бир ишенимдин өзүнүн негизги багыты болгону сыяктуу эле Ислам дининин да негизги деп эсептелген багыты бизге маалым. Мына ошол, негизги ишенимдин
бири бул — Мухаммад пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи ва саллам) ыйман келтирүү, ишенүү менен бирге аны тилге алып тастыктоо болуп эсептелет.
Ооба, биз мусулмандар, анын ичинде Кыргызстан мусулмандары дагы Мухаммад пайгамбарды (саллаллоху алейхи ва саллам) сыйлап, сүйүп, урматтап, жолун жолдоп келебиз. Ошондой болсо дагы пайгамбар деген ким экендигин дагы да болсо тереңирээк, тагыраак билип алыш ар бир мусулмандын парзы болуп эсептелет. Өзгөчө биздин заманыбызда туура ишенимди карманып жашаган инсандар, ага катар эле пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи ва саллам) динде айтылган сыпаттары менен таанып жашагандар тилекке каршы өтө сейрек. Демек, биз, Алла Таалага жана пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи ва саллам)
ишенимибизди оңдоого жана келечек муунга туура багыт берүүгө милдеттүүбүз.
Пайгамбарлар туурасында, анын катарында Мухаммад пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) туурасында токтоло турган болсок:
1. Пайгамбар деген ким жана ага ишенүүнүн өкүмү кандай?
2. Пайгамбар деген сөздүн сөздүк жана терминдеги мааниси эмнени туюнтат?
3. Канча пайгамбар келген?
4. Муьжиза деген эмне?
5. Пайгамбарларга эмне дурус, эмне дурус эмес, ошондой эле эмне милдет жана эмне милдетүү эмес дегендей, пайгамбарлык улуу даража талап кылган жана мусулмандар билиши керек деп эсептелген зарыл нерселер унутта калып жатат.
Эми жогоруда пайгамбарлар (алейхимус салам) туурасындагы айтылган шарттарга учкай токтоло кете турган болсок, “пайгамбар” деген сөз кыргыз тилине перс тилинен кирип
өздөштүрүлгөн сөз болуп эсептелет. Анткени, “пием” деген сөз кыргыз тилинде “буйрук” деген маанини билдирсе, “бар” деген сөз жеткирүү деген маанини туюнтат. Демек, “пайгамбар” деген сөз “Кудайдын буйругун жеткирүүчү” дегенди туюнтат. Ал эми арап тилинде пайгамбарга “Набий” деп айтылат, ““набий” деген сөздүн хамза менен жана хамзасыз айтылганына жараша эки башка маанини берет, النبي же النبيء болуп. Хамза менен келгенде “кабар берүү” дегенди түшүндүрсө, хамзасыз келгенде бийик, жогору дегенди туюнтат. Демек, “пайгамбар” деген сөзгө эки маани тең туура келип, “Алла Тааладан адамдарга кабар
жеткирүүчү”, же “улуу даражалуу” дегенди түшүндүрөт”. (Шейхул ислам Изз бин Жамаьа, “Даражул маьаали шарху Бадул амалийдин”, тахкиик Мажди Госсаан, Пакистан, Муас-
саса аль-кутуб аль-сакофия, 81-б).
Азирети пайгамбарга (саллалооху алейхи ва саллам) ишенүү мусулманга парз болуп эсептелет. Бул туурасында жердешибиз жана сыймыгыбыз болгон Сирожидин аль-Оший
өзүнүн акыйда маселелерин ыр түрүндө жазган “Бадул — амалий” атуу эмгегинде минтип айткан:
وفرض لازم تصديق رسل ………… وأملاك كرام بالتوالي
“Парз жана милдет пайгамбарларды тастыктоо Ага катар улуу периштелерге ишенүү” (Имам Али аль-Корий, “Шархул амалий ли Али аль-Корий”, Стамбул, Матбаьат аль-аалам, 1319-хижрий, 22-б).
“Пайгамбар” деген сөздүн терминдик мааниси:
“Пайгамбар – бул шариятты башкаларга жеткирүү милдети жүктөлгөн жүктөлбөгөндүгүнө карабастан Жаратуучу тарабынан вахий (шарият мыйзамдары) ыроолонгон эркек жана эркин (кул эмес) инсан, эгерде аны башкаларга жеткирүүгө буйрулса анда, ал Расул” деп айтылат (Имам Абу Хафс аль-Гознавий аль-Хиндий, “Шархул Акиидат аль-Тохавия”, тахкик Шейх Хазим Аль-кайланий Аль-ханафий жана доктор Мухаммад Абдулкодир Нассаар, Мисир, Каир: “Даарат аль-курз”- 2019, биринчи басылыш, 68-б).
Кээ бир риваяттарда жүз жыйырма төрт миң пайгамбар келгендиги айтылат. Бирок, бул риваяттар анчалык деңгээлде күчтүү болбогондуктан, Имам Насафий (рахимахуллооху таала): “Эң жакшысы пайгамбарлардын эсеби туурауу так бир санга токтолбогон оң. Себеби, пайгамбарлардын так эсеби сен айткан сандан көп же аз болуп калса, анда сен өз эсебиңден
пайгамбарлардын катарына дагы бир пайгамбарды (же бир нече пайгамбарларды) кошуп же кемитип койгон болосуң”, — деп айткан (Имам Умар бин Мухаммад аль-Насафий “Акаид аль-Насафия”).
Эми “муьжиза” деген сөзгө келе турган болсок кайра эле Имам Насафийдин (рахимахуллохи таала) бул тууралуу айткан сөзүнө орун бере кеткенибиз оң: “Муьжиза деген бул жашоодогу адаттан тыш болгон (таң калаарлык) керемет окуялар, пайгамбармын деген инсанды кубаттоо үчүн Алла Тааладан берилет жана пайгамбарга каршы чыккандарга чакырык таштоо менен бирге, алардан ушул сымал керемет көрсөтүүсүн талап кылат” (Шейх Низал Аали Рошша, “Аль-Бадру аль-Анвар шарх фикху аль-акбар”, Иордания, Аммаан: “Даар аль-Нуур аль-мубиин”- 2017, биринчи басылыш, 311-б.).
Пайгамбарлар (алейхимус-салам) жөнөкөй инсандар болбогондугу себептүү аалымдар пайгамбарларда болуусу зарыл болгон сыпаттар менен бирге аларга такыр жарашпаган
(мустахиил) сыпаттар тууралуу да өз пикирлерин айтышкан. Маселен, пайгамбарлыктын сыпаттары төмөнкүлөр:
• Таблиг: динди, Алла Тааланын өкүмдөрүн жеткирүү жана жакшылыкка үндөө;
• Фатаана: өтө көрөгөч, кыраакы, аябай акылдуу;
• Сидк: чынчылдык.
Ошондой эле пайгамбарларда төмөнкү эки сыпат (мустахиил) такыр болгон эмес:
• Кизб: жалган, жалган айтуу.
• Хияна: кыянаттык. Маселен, аманатка кыянаттык кылып динди жана Алла Тааланын өкүмдөрүн элге жеткирбей, айтпай жашырып коюу. Мына ошондуктан, пайгамбарларда
мындай сыпаттар таптакыр болгон эмес (мустахиил).
Динибизде ким пайгамбарын тааныбаса жана көкүрөгүндө ага урматы болбосо, анда ал инсандын мусулманчылыгы чийки жана тайкы экендиги айтылат.
Пайгамбарды таанытуу аны тааныган ар бир мусулмандын, алардын ичинен өзгөчө дин ишмерлеринин, аалымдардын түздөн-түз милдети деп эсептеймин. Бул маселени улуу
муунга эскертүү менен бирге жаштарга жана келечек муунга окутуу зарыл. Анткени, кайсыл коомдун келечегин көргүң келсе, ал коомдун жаштарына кара дейт эмеспи. Себеби жаштар
келечектеги эстафета ээлери!
Кимде-ким пайгамбарын тааныса, анда ал, кутулду жана эки дүйнөлүк ийгиликке жетет, кимде-ким пайгамбарын тааныбаса, билбесе анда ал динибиздеги чоң олжодон куру калат. Ошондуктан келечек муунга, мусулмандарга Мухаммад пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) ды таанытуу үчүн:
• Ата-эне өз балдарына аны таанытып, окутушу керек;
• ММК лар аркылуу жайылтуу жана жеткирүү;
• Социалдык тармактар аркылуу жайылтуу;
• Мечиттерде жана эл чогулган жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. М: жаназа,
нике жана башка жайларда.
Биздин мойнубуздагы зарыл болгон милдеттердин бири — пайгамбарыбыз Мухаммадды (саллаллоху алейхи ва саллам) таанытуу, сүйдүүрүү жана ага аяр мамиле жасоону үйрөтүү.
Бул дагы болсо өзүбүздүн көөнөрбөс руханий байлыгыбызды сактоо жана ал үчүн кызмат өтөө болуп саналат.

Даярдаган: Кенжетай ажы Курманкожоев