Чүй облусундагы мечиттерде Пайгамбарыбыздын Исламдагы орду жана ага болгон сүйүү турасында жума баяндамалар жасалды

Бүгүн, 30-октябрда Чүй облусунун бардык мечитинде динибиздеги маанилүү айлардын бири Рабиул-Аввал айынын кирип келгендигине байланыштуу сүйүктүү Пайгамбарыбыздын   динибиздеги орду жана ага болгон сүйүү туурасында жума баяндамалар жасалды.

Аталган баяндаманы жасоо боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан тапшырма берилген.

Аалымдарыбыз айтмакчы: «Пайгамбарыбызды   сүйүү үчүн төмөнкү төрт амалды аткарышыбыз керек:

1) Пайгамбарыбызга   ар дайым, өзгөчө жума күндөрү көбүрөөк салават айтуу.

2) Пайгамбарыбыздын   өрнөктүү өмүр жолун окуп үйрөнүү.

3) Пайгамбарыбыздын   берекелүү сүннөттөрүн үйрөнүп, аны жашообузга алып келүү.

4) Пайгамбарыбыздын   куттуу изи калган нурлуу Мадина шаарын жана Анын кабырын зыярат кылуу.

“Мына ушул төрт амалды чын ыкластан аткарган болсок, бүтүндөй ааламга мээрим катары жиберилген сүйүктүү Пайгамбарыбызга   болгон сүйүү жана махабат арта баштайт. Пайгамбарыбызга   салават айтууга биз өзүбүз муктажбыз, салават айтуу бул ибадат, күнөөлөрдүн кечирилишине, өмүрдүн узун болуусуна, дуба-тилектердин кабыл болуусуна өтө чоң себепкер»,-деди Чүй казыятынын фатва бөлүм адиси Бектен ажы Зарылбеков.