Бөкөнбаев айылында жаңы медресенин пайдубалы түптөлдү

Ысык-Көл облусунун  Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында жаңы медресенин курулушу башталды. Ал  айылдагы  борбордук мечиттин аймагында жайгашып, жергиликтүү тургундун  демилгеси менен демөөрчүлүгү алдында салынып  жатат.

Аталган аймактын баш имам хатиби Таалай ажы Акуновдун   маалыматы ылайык, окуу жай жалпы жонунан 40 орунга ылайыкталып, бүгүнкү күндө анын пайдубалы түптөлдү.

“Медресенин курулуш иштерине жергиликтүү эл да чоң көмөк көрсөтүп жатат. Мисалы Бөкөнбаев айылынын тургундары тамак-ашын алып келсе  Жер-Үй, Тогуз-Булак, Коңур-Өлөң, Дөң-Талаа, Ала-Баш, Калкагар, Четинди өңдүү айылдардан имамдер келишип, кол кабыш кылышууда. Эгер окуу жайдын курулуш иштери ушул нукта улана  турган болсо, болжол менен эмдиги жылдын жаз айлары менен медресе пайдаланууга берилет,” — деди райондун   баш имам хатиби Таалай ажы Акунов.