Диний сезимдерди жана символдорду айыптоо боюнча КМДБнын жана Орус православдык чиркөөсүнүн расмий пикири

Бүгүн, 31-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) акаарат келтирип, басмырлап маалымат тараткандарга өзүнүн расмий позициясын билдирип, маалымат жыйынын өткөрүштү.

Ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Кадыр ажы Маликов жана Орус православ чиркөөсүнүн өкүлү Алексей Сыромятников катышты.

Азирети Муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов пайгамбарыбыздын туулган айына карата ар кандай күчтөр тарабынан чагымчыл маалыматтарды тараткандарды айыптап, Исламга карата мындай позиция чагымчыл мүнөзгө ээ экенин, мындай көрүнүш маданияттар аралык диалогду бузат, исламофобияга, экстремизмге жана конфессиялык жек көрүүгө үндөйт.

“Муфтият ар кандай формадагы динге жамынып алып, ырайымсыз зордук-зомбулукту жана терроризмдин ыкмаларын айыптайт. Терроризмдин улуту, расасы, дини жок. Биз ошол расизмди, исламофобияны, улутчулдукту жана кош стандарттык саясатты айыптайбыз. Бирок, ошол эле учурда биз дүйнө жүзү боюнча миллиарддан ашуун мусулмандардын диний сезимдерин жана ыйык жайларын мазактоого жол берилгис деп эсептейбиз”,-деди Кадыр ажы Маликов.

Ислам дининин негизги деп эсептелген багытынын бири бул — Мухаммад пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи ва саллам) ыйман келтирүү, ишенүү менен бирге аны тилге алып тастыктоо болуп эсептелет. Аны басмырлап, мазактоого эч кимдин акысы жок.

“Пайгамбарыбызды басмырлагандар чагымчылдык мүнөзгө ээ. Бул эч кандай сөз эркиндигине туура келбейт. Мына ушундай сөз эркиндигинин аркасына жашынып алып, мусулмандардын ыйык сезимдерин кордоп, мазактоого эч кимдин укугу жок. Бул көрүнүш биздин эле эмес башка диний өкүлдөрдүн дагы тынчыздандырууда. Мына ошондуктан биз чагымчылдыкты токтотуп, тынчтыкта, биримдикте жана ынтымакта бололу. Анткени Ислам тынчтыктын дини”,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев.

Эске сала кетсек, узап бара жаткан жума күнү 30-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы чагымчыл маалымат тараткандарга тынчсызданып, өлкөнүн бардык мечиттеринде Мухаммед (САВ) пайгамбарыбыздын Исламдагы орду жана ага болгон сүйүү тууралуу хутбалары өткөрүлгөн.