Манас районунда жардамга муктаж 50 үй -бүлөгө 75000 сомдук азык-түлүк таратылды

Талас облустук казыятына караштуу Манас районунун хатибияты жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы “Садака жарыя” кайрымдуу фонду көп жылдан бери Манас районунда соопчулук иштерин жүргүзүп келет. Бул жолкусунда жалпы 50 жардам баштыкчасы 9 айылда жашаган колу жука, көп балалуу үй-бүлөлөргө жеткирилип берилди.  

Ар бир баштыкта 5 л. өсүмдүк майы, 5 кг макарон, 10 кг ун, 3 кг күрүч, 3 кг кум шекер түзүп, анын баасы 1500 сомду түздү. Жалпы 50 үй-бүлөгө 75000 сомдук азык-түлүк таратылды.

“Кудай Таала ушул кайрымдуулук кылган инсандарга иштерине береке, үй – бүлөлөрүнө тынчтык, аманчылык берсин. Элибизди унутпай жардам көрсөткөндөргө Жараткан ар кандай балээ апааттардан сактасын. Соопчулук иштерине кайдыгер карабаган эр азаматтарыбызга Хатибият жана Манас районунун эли терең ыраазычылык билдирет”, — деди Миржалал ажы Дадабаев.