Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди


30-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы Ал-Сыддык атындагы жаңы мечити пайдаланууга берилди. Мечит 100 адамга ылайыкталып, бардык талаптарга шайкеш салынган.

Жаңы мечиттин курулушун «Ассанабиль» кайрымдуулук фонду каржылап, чыгашанын 80 пайызын көтөрсө, калган бөлүгүн жергиликтүү демөөрчүлөр колдоо көрсөткөн. Ошондой аталган айылдын тургуну Саламат Деркенбаев өз ыктыяры менен 5 сотых жер тилкесин бөлүп берген.

Мына ушул Кувейт мамлекети кыргыз элине белек катары куруп берген мечиттин ачылыш аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлүп, ага облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, «Ассанабиль» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммед Абдулкарим жана Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Кыдыров башында турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө келген конокторго сөз берилип, анын алкагында Алмазбек ажы Сагындыков мечиттин түптөлүп ачылышына чейин көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыгын билдирди.

«Теплоключенка айылы Ысык-Көл облусундагы калктуу аймактардын катарына кирет. Бул жакта 14 миңден ашуун киши жашайт. Буга чейин эки мечит иш алып барып келген. Анда айт, жума намаздарында киши батпай калчу. Мындан улам жаңы мечиттин курулушу зарыл болуп турган. Алланын буйругу менен мына ушинтип жаңы мечит салынып отурат. Мечиттин салынышы бул жакшы, бирок аны көркүнө чыгара турган жамаат болот. Мындан улам элге кайрылып кетет элем, жаңы мечитти карап, жетпеген жерин толуктап, бузулганын оңдоп жакшылап карап алыңыздар», — деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Кошумчалай кетсек, жаңы ачылган мечитке Ысык-Көл облустук казыяты тарабынан беш Курани Карим китеби белек кылынып, алар Ал-Сыддык мечитинин китеп текчелерин толуктады.