Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Баткен казыятынын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү

Бүгүн, 2-ноябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен казыятынын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү.

Жыйынга казыяттын кызматкерлери, Баткен шаарынын жана районунун баш имам хатибдери катышты.

Азирети Муфтийдин орун басары жыйында төмөнкү маселелерге токтолду:

  1. Дин кызматкерлери кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткаруу;
  2. Ынтымакты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
  3. Таажы илдеттин жайылуусуна жол бербөө максатында зарыл болгон иш аракеттерди көрүү;
  4. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка мекемелер менен активдүү кызматташуу;
  5. Дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча окууларды уюштуруу.

«Дин кызматы бизге берилген аманат. Кандай кырдаал болбосун милдетибизди так аткаралы. Оор учурда четте карап турбай   ислам динибиздин асыл баалулуктарын, адеп-ахлакты, шарияттын эрежелерин коомчулукка байма-бай жайылтып, элге руханий жактан тарбиялоо иштерин  жүргүзөлү»,-деди Жоробай ажы.