Эртең, ыйык жума күнү өлкөнүн бардык мечиттеринде пайгамбарыбыздын (ﷺ) Исламдагы орду жана ага болгон сүйүү туурасында баяндамалар жасалат

Урматтуу ага-инилер, эже-карындаштар! Раби-ул-Аввал айы Исламдагы эң маанилүү айлардын бири. Бул айда дүйнө жүзүнө мээрим болуп жиберилген сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) жарык дүйнөгө келген. Алла Таала айтат: «Биз сени (Мухаммедди) ааламдарга жакшылык кылыш үчүн жибердик» (Анбия сүрөсү, 107).

Тилекке каршы акыркы убактарда пайгамбарыбызга (ﷺ)  карата ар кандай күчтөр тарабынан чагымчылдык, маскарлап, каралаган маалыматтар тарап жатат. Мындан улам Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы чагымчыл маалымат тараткандарга тынчсызданып, эртең, 30-октябрь  жума күнү өлкөнүн бардык мечиттеринде Мухаммед (ﷺ) пайгамбарыбыздын Исламдагы орду жана ага болгон сүйүү туурасында баяндамаларды жасоону көздөп жатат.

Тилекке каршы, биздин мусулмандардын арасында Исламдагы пайгамбарыбыздын инсандык, адамдык асыл сапаттары жөнүндө жетиштүү маалымат жок.  Пайгамбарыбыз (ﷺ) эң айкөл жана асыл мүнөздүү адам болгон!

Алла Таала мындай дейт: «Эй, ыймандуулар! Аллахтын элчиси, силер үчүн Аллахка жана Акырет Күнүнө үмүт кылып, Аллахты көп эстегендер үчүн сонун бир мисал болду» («Ахзаб» сүрөөсү, 21-аят).

Пайгамбарыбыздын(ﷺ) ар бир сөзү, үзүрлүү эмгеги, анын турган турпаты жада калса унчукпай турушу биз мусулмандар үчүн чоң өрнөк. Аны ээрчиген адам үммөттүн эң мыктыларынын бири болот. Ушул Раббиуль-Авваль айда сүйүктүү Пайгамбарыбызга (САВ) салаваттарды көп айталы.