Ала-Бука районундагы «Мухаммад Захид» мечити кышка толугу менен даяр

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун борбордук «Мухаммад Захид» мечити кышка толугу менен  даяр. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы  Чыналиев  билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү жамааттын көмөгү менен мечиттин ичине жылуу пол төшөлүп, дааратканасына  ыссык суу, муздак суу киргизилди.  

“Мечитке келген ар бир жаранга ыңгайлуу шарт түзүү максатында күн мурунтан даярдык иштерин баштаганбыз. Алгач тазалыкка маани берип, сүлгү койдук. Ичин жылуулап, кышка толугу менен даярбыз. Буга кеткен чыгымды мечит жамааты демөөрчүлүк кылышты”,-деди Шумкарбек ажы.