Азирети Муфтий: Анын жөнөкөйлүгү бүтүндөй ааламга үлгү болуп, чынчылдыгы жалганчыларды дагы тообо кылдырган

Кечээ, 28-октябрда Бишкек шаарындагы имам Сарахси мечитинде   сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына карата Мавлид иш-чарасы өттү. Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчисинин Дин иштери боюнча кеңешчиси  Мүрсел Өзтүрк жана мечит жамааты катышты.

Мавлид кечесинин алкагында сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр жолунан, үммөт үчүн жасаган баа жеткис эмгектери айтылды.   

Ал эми Азирети Муфтий пайгамбарыбыздын (САВ) 23 жыл бою адамдарды акыйкатка чакыргандыгын, аялдарга жана балдарга болгон жакшы мамилени орноттуну жана улуу адеп-ахлактын, эң жакшы кулк-мүнөздүн, жүрүш-туруштун үлгүсүн көрсөтүп кеткендигин баса белгилеп, мусулмандарга туура жолду көрсөткөндүгүн баяндады.

«Анын жоомарттыгынын чеги жок эле. Пайгамбарыбыздын (САВ)  жакшы мүнөзү жана жылмайуусу жүздөгөн мусулмандардын жүрөгүн жылыткан. Анын жөнөкөйлүгү бүтүндөй ааламга үлгү болуп,  чынчылдыгы  жалганчыларды дагы тообо кылдырган. Ал эми анын ачыктыгы жана ак-ниеттүүлүгү чыныгы, бекем жана чынчыл мусулмандардын өзүнчө муунун тарбиялады»,-деди Азирети Муфтий.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчисинин Дин иштери боюнча кеңешчиси  Мүрсел Өзтүрк пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кулк-мүнөзүнө токтолуп, анын кулк-мүнөзү эң жогорку чекке жеткендиктен, анын баарын сыпаттап айтуу мүмкүн эместигин айтып өттү.

«Анын мүнөзүн көрүп жүрөктөр жибиген. Дүйнө ал сыяктуу адамды көргөн эмес.  Анын башка эч бир адам баласына берилбеген кулк-мүнөзү адамдарды өзүнө багынтып алган болчу»,-деди Мүрсел Өзтүрк.