Аксы районундагы «Ак-Дөбө” мечитинин арыгы калыбына келип, имамдарга электр жылыткычтары таратылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Дөбө айыл аймагында  жайгашкан “Ак-Дөбө”  мечитинин айланасындагы арыктар калыбына келди. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Аксы районунун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков билдирди.

Анын айтымында, арыкты оңдоп-түзөөгө жергиликтүү жамаат тарабынан 30 миң сом өлчөмөндөгү акча каражаты жумшалган.

Мындан тышкары айыл имамы Өмүрбек ажы Тургуналиев тарабынан Орусияда эмгектенген мекендештердин каржылоосу менен 26 000 сомдук электр жылыткычтары сатылып алынып, айыл өкмөттөгү мечиттерге таратылып берилди.