Талас облусунун казынын орун басары Касым ажы Сыдыков баш имам хатибдердин отчётторун кабыл алды

Бүгүн, 28-октябрда Талас облусунун Талас районундагы Кум – Арык айылындагы “Али ибн Аби Толиб” атындагы медресесинде дин кызматкерлеринин катышуусунда кезектеги жыйын болду.  

Ага Талас облусунун казынын орун басары Касым ажы Сыдыков,  казыяттын иш башкармалыгынын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев жана райондордун баш имам хатибтери катышты.

Жыйында баш имам хатибтер буга чейинки жасаган иштери тууралуу отчётторун тапшырып, учурдагы өлкө аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулашты.

Баш имам хатибдердин отчётторун кабыл алган учурда Касым ажы Сыдыков кыш мезгилине карата мечиттердин даярдыгын, пандемияга карата сантиардык талаптарды так сактоого чакырып, каттоосу жок мечиттердин документтерин тездетүүнү тапшырды.