Ош шаарындагы жоокерлерге суицидди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 28-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов №36806 аскер бөлүмүнүн жоокерлери үчүн “Суициддин алдын алуу” деген темада өз баяндамасын жасады.

Иш-чара Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан уюштурулуп, анда Мирланбек ажы жоокерлерге дем-күч берүү менен бирге аскердик кызматтан жоопкерчилиги тууралуу айтып берди. 

“Аскердик кызмат жогорку билими бар жаштар үчүн көптөгөн эшиктердин ачкычы. Мекенди коргоо менен элдин тынчтыгын сактап, көптөгөн аалымдардын чыгуусуна себепчи болуп жатасыздар. Анткени тынчтык болбосо ибадат, илим алуу, өнүгүү жана соопчулук иштер болбойт”, — деди Мирланбек ажы Токтокмушов.