Таш-Көмүр шаарында жума намазы санитардык талаптарды сактоо менен окулат

Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуров Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахматилла мырза Алпаязов менен жолугуп, өлкөдөгү анын ичинде аталган шаардагы эпидемиологиялык абал тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда жума намазын окуу же токтотуу маселеси каралып, санитардык талаптарды толук сактоо менен жума намазын окууну улантууга токтолушту.

Ошону менен бирге шаардык оорукананын жетекчиси Алмаз Мырзасапаров менен телефон аркылуу байланышып, илдеттен каза болгондор ооруканадан түз эле  көрүстөнгө алып барып жаткандыгына байланыштуу ооруканада шариятка ылайык  жууп, кепиндөө боюнча түшүндүрүп берди.

Шаарыбызда коронавирус илдетинен каза болгондордун саны ондон ашты. Алардын баары ооркунада көз жумду. Элдин саламаттыгын алдын алууда маркумду дароо көрүстөнгө жеткирип, жерге берүүдөбүз. Дарыгерлер менен кеңешип маркумду шарыятка ылайык жууп беришин өтүнүп, биргеликте иш алып барууга макулдаштык”,-деди баш имам хатиб.