Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаары жана Ош облусундагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү


Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде Ош шаары жана Ош облусундагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү. Жыйында Азирети Муфтий төмөнкү маселелерге токтолду.

  1. Дин кызматкерлеринин жоопкерчилиги;
  2. Шайлоодогу үгүт иштерине аралашпоо;
  3. Жума баяндары (КМДБ тарабынан берилген темалар аркылуу өтүү);
  4. Айымдарга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүү (Бала тарбиясына көңүл буруу);
  5. Санитардык эрежелерди так сактоо ж.б.

Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Акин Токталиев, Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт ажы Нуридинов, ДИМК ТАБнын жетекчиси Исакбай Мурзабеков дагы катышып, учурдагы диний кырдаалды талкууга алышты.